Өзбекстан менен Тажикстандын делегациялары Борбордук Азиядагы трансчекаралык дарыялардын суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу боюнча биргелешкен жумушчу топтун жыйынында Сарез көлүн ичүүчү таза суу үчүн биргелешип пайдаланууну талкуулашты. Бул тууралуу Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги билдирди.
Жолугушуу 3-августта Душанбеде Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев менен Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жуманын катышуусунда өттү.
Делегациялар ошондой эле суу тармагындагы биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Сарез көлү Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда деңиз деңгээлинен 3,5 миң метрдей бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 70 км.ден ашык, максималдуу тереңдиги 500 метрге жакын, суунун көлөмү 17 куб километрди түзөт. Көл 1911-жылдын февралында катуу жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон.



















