Америкалык ишкер Илон Масктын “Neuralink” нейротехнологиялык компаниясынын мээ импланты экинчи адамга ийгиликтүү орнотулду. Бул тууралуу X (мурдагы Twitter) соцтармагынын ээси Илон Маск YouTube-блогер Лекс Фридман менен болгон маегинде билдирди.
“Экинчи имплант менен баары жакшы өттү окшойт. Ал жерде көптөгөн сигналдар, көптөгөн электроддор бар. Ал абдан жакшы иштеп жатат», – деген ишкер.
Масктын айтымында, бейтаптын мээсинде 400 электрод иштеп жатат.
“Neuralink” стартапы 2016-жылдын июль айында Маск тарабынан түзүлүп, келечекте адамдын мээсине имплантациялана турган чиптерди иштеп чыгууда. Ишкер мындай нейрондук интерфейстер адамга жасалма интеллектке каршы турууга жөндөмдүү киборг болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле адамдарга ойдун күчү менен компьютерди түз башкарууну үйрөнүүгө жардам берет деп эсептейт.
АКШнын FDA (Азык-түлүк жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы) мээ чиптерин адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө былтыр уруксат берген.
“Neuralink” компаниясы биринчи адамдын мээсине чипти ийгиликтүү орнотконун үстүбүздөгү жылдын январь айында маалымдаган. Чип кырсыктан улам ийинден ылдый шал болуп, эч нерсе сезбей калган 29 жаштагы Нолан Арбонун мээсине орнотулган. Маск бейтаптын абалы жакшы экенин, эксперименттин алгачкы жыйынтыктары үмүт арттырганын билдирген.
Кийинчирээк мээсине чип орноткон бейтап Арбо сезимдери менен бөлүшүп, имплантты дээрлик күн бою, социалдык тармактарда адамдар менен баарлашууда, комикстерди окууда жана япон тилин үйрөнүү үчүн колдонуп жатканын айткан.
Май айынын ортосунда Илон Маск анын нейротехнологиялык компаниясы мээ имплантаты боюнча клиникалык сыноого экинчи бейтап катары катышуу үчүн арыздарды кабыл ала баштаганын жарыялаган.
Мээ чиптери эмне үчүн керек?
«Мээнин революциялык имплантын» иштеп чыгуучулар ал шал оорусу же сокурдук сыяктуу ден соолук көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет деп эсептешет.
Жаныбарларга изилдөө жүргүзүү кээ бир натыйжаларды көрсөткөн.
Алсак, чиптин жардамы менен макаканы менталдык пинг-понг ойноого үйрөтө алышкан. Чипте приматтын кыймылдаткыч кабыгына орнотулган эки миңден ашык электроддор камтылган.
“Neuralink” бул эксперименттин максаты нейрондордун активдүүлүгү аркылуу шал болгондорго компьютер же телефон колдонууга мүмкүнчүлүк берүү экенин түшүндүргөн.
Маск ошондой эле мээсине чип орнотулган чочкону көрсөтүп, жаңы технология неврологиялык илдети бар кишилерге жардам берерин билдирген.




















