Беларустун президенти Александр Лукашенко жыл аягында Пакистанга барууну пландоодо. Бул тууралуу анын билдирүүсүн РИА Новости жазды.
Беларус лидери Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Астанадагы саммитинин алкагында Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн, ал аны өлкөсүнө чакырганын эске салды. Лукашенко жылдын акырына чейин бул жолугушуу үчүн программаны иштеп чыгуу керектигин айтты.
Ал ошондой эле ШКУнун саммитинде Беларус бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, белгилүү бир келишимдерге келгенин эске салды. Президент алдыга коюлган максаттарга карай жылуунун стратегиясын дароо аныктоого чакырды, анткени алар эбегейсиз зор келечектерди ачып жатат. Анын айтымында, кеп товарлардын жана кызматтардын эбегейсиз рыногуна кирүү, тажрыйба алмашуу, инвестицияларды тартуу, логистиканы диверсификациялоо жана саясий тобокелдиктерди азайтуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө болуп жатат.
Буга чейин Лукашенко Валаамда орус президенти Владимир Путин менен “баардык көйгөйлүү маселелерди күзгө чейин жабуу” тууралуу макулдашканын айткан. Ал ошондой эле бардык темалар боюнча өз ара түшүнүшүү болгонун жана “такыр эле баш тартуу жок” деди.



















