Бүгүн, 19-июлда Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлеринде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги “Айкөл-6” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, натыйжада 22 кыргыз жараны (8 аял киши жана 14 жашы жете элек балдар) мекенине ийгиликтүү алынып келинди.
Бул гуманитардык миссия Кыргызстандын мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин кыргыз жарандарын мекенине тез арада репатриациялоо боюнча койгон милдеттерине ылайык ишке ашырылды жана АКШ өкмөтүнүн түздөн-түз колдоосу менен уюштурулду.
Аталган миссиянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Кыргызстандын жарандары менен жолугушууларды өткөрүү жана идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн “Аль-Хол” лагерин зыярат кылган.
Эске салсак, быйыл февраль айында “Айкөл-5” миссиясы ишке ашырылып, анын алкагында Жакынкы Чыгыштан Кыргызстандын 99 жараны мекенине кайтарылган. “Айкөл-4” миссиясы былтыр 8-декабрда жүргүзүлүп, анда Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жүргөн Кыргызстандын жараны болгон 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала мекенине атайын учак менен кайтарылган.
Ага чейин 2023-жылдын 22-октябрында “Айкөл-3” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядан Кыргызстанга 21 аял жана 62 бала, 30-августта 31 аял, 64 жашы жете элек балдар мекенине алынып келинген. Ага чейин жыл башында ушул эле миссия менен 18 аял жана 41 бала келген.
Улуттук коопсуздук комитетинин 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

















