Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Маданият министри: Мындан ары талаптар күчөтүлөт

  • Интервью, Маданият
  • 06.07.2024 13:17

Loading

5-июлда, Ош шаарында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи жарым жылдыкка карата Коллегиясы өттү. Ага министр Алтынбек Максутов баштаган коллегия мүчөлөрү, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы Министрликтин карамагындагы мекеме жетекчилери катышты.

Коллегиянын күн тартибинде 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүк, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн быйылкы жылдын жарым жылдыгына карата иш кагаздарын аткаруу тартибинин абалы, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы театр мекемелеринин, китепканаларынын, маданият бөлүмдөрүнүн, клубдарынын, спорт объектилеринин абалдары каралды. Ошондой эле мекеме жетекчилеринин сунуштары угулуп, суроо-жооптор менен коштолду.

Коллегиялык жыйындан кийин министр Алтынбек Максутовго бир канча суроолор менен кайрылдык.

Тема боюнча

Монголиянын парламенти Ухнаагийн Хүрэлсүхтүн президенттик кызматтан кетүү өтүнүчүн канааттандырды

Монголиянын парламенти Ухнаагийн Хүрэлсүхтүн президенттик кызматтан кетүү өтүнүчүн канааттандырды

19.11.2026

– Алтынбек мырза, саламатсызбы? Бүгүнкү коллегиялык жыйында көтөрүлгөн негизги маселелер кайсылар болду?

– Саламатчылык. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарым жылды жыйынтыктоочу коллегиябызды Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча өткөрдүк. Буга чейин тармактар боюнча атайын мониторинг жүргүзүп, жолугушууларды өткөргөнбүз. Ошентип азыр Ош шаарында минтип жыйынтыгын чыгарып отурабыз.

Биз ар бир маселени, сүйлөшө турган көйгөйлөрдү, алдыга койгон пландарыбызды ордунан чечүү максатында коллегиялык жыйынды Түштүк аймагында өткөрүүнү пландаган элек. Маданият тармагына мамлекет тарабынан жылдан жылга каржылоо көбөйгөнү менен бизде чечилбей жаткан өзүбүздүн күчүбүз менен чечүүчү маселелерибиз да көп. Ошондуктан ар бир мекемелердин жетекчилеринин иш алып баруу ыкмалары, азыркы шартта санариптештирүүдө кандай иш алып барабыз, ким эмне менен иш алып барыш керек, маданият министрлиги кандай токтомдорду, мыйзамдарды, тескемелерди иштеп чыгыш керек деген сыяктуу маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Иш алып бара албай кыйналып аткандарга жаңы менеджерлерди даярдап, кадрларды окутуу зарыл экенин байкадык.

Чындыгында эгемендүүлүк жылдардан бери ушул жаатта чоң көйгөйлөр жаралган экен. Анткени жетекчилик кызматка татыктуу адамдардын азайып кеткен. Биз дагы сөзүбүздө айтып жатабыз, көп жерлердеги жетекчилердин бардыгы пенсияга чыккан адамдардын болуп жатышкандыктан жана ошол ишти алып кете ала турган жаштар жок болуп аткандыктан, азыр жаңы менеджерлерди даярдоо боюнча башка мамлекеттерде дагы, анан өзүбүздө дагы аларды окутуп, маданият, маалымат, спорт тармагын жетектеген адистерди даярдай баштайбыз. Бул боюнча тиешелүү тараптар менен макулдашууларыбыз бар.

– Коллегиялык жыйында Министрликке караштуу имараттардын абалы начар экендиги тууралуу көбүрөөк сөз болду. Бул боюнча кандай пландар бар? Эмне кылалы деп жатасыздар?

– Пландар бар. Жогоруда айтылгандай, Маданият министрлигине караган канча имарат жараксыз абалга келгени, канчасы капиталдык оңдоого муктаждыгы жана канчасын жаңы куруш керектиги боюнча биз баарын тактап чыкканбыз. Өзүңүздөр билесиздер, курултай өткөндө жалаң эле Билим берүү менен Маданият тармагындагы имараттар тууралуу сөз болуп калган. Бул боюнча биз мониторинг кылып чыгып, иш алып баралы деп планыбызга киргизген элек. Анын алкагында баарын каттоого алып, Мамлекеттик курулуш компаниясына бергенбиз. Өзүбүз дагы системдүү түрдө иш алып барууну карап жатабыз.

Мисалы, биринчи кайсыларын жасашыбыз керек, биз жалаң гана мектептерди эмес, китепканаларды бүтүрөлү, андан кийин башкасын жасайлы деп, өлкө боюнча масштабдуу иш алып барууну көздөп, атайын франшизаларын даярдап койдук. Буларга каражат берилгенде бүт баары типтүү кылып өзгөртөбүз. Мисалы, музыкалык мектептер бардык райондордо бирдей болот.

А китепканалар кандай болуш керек? Совет доорундагы имараттар менен эле калып калбастан, жаңычы типтеги имараттарды салуу, маданий борборлорду түзүү боюнча жаңы концепциябыз бар. Азыр өлкөдө ирилештирүү саясаты баратпайбы, бул реформа бүткөндөн кийин ар бирин тактап, кишинин санына жараша салына баштайт.

– Мындан сырткары, жыйында китепканаларга эл келбегени көйгөй катары каралды. Өзүңүз Ош шаарын мисалга алып, китепканаларга калаанын тургундарынын 1 пайызы да келбейт дедиңиз. Элди китепканаларга келтирүү үчүн эмне кылыш керек? Министрликтин кандай сунуштары бар?

– Биз дүйнө жүзүндө китепканалар кандай иштей турганын изилдешибиз керек. Элдин китепканаларга келбей жатканынын себептери көп. Биринчиден, китепканалардагы шарттардын жоктугу. Мисалы, китепканалардын абалы талаптагыдай эмес, шарты начар. Азыр жалтырап кафе, ресторандар турса, элдин баары ошол жакка агылып жатат. Китепканалардын кебете-кешпири, китептердин жетишсиздиги, кээ бирлеринин жоктугу, котормолордун жоктугу, кызматкерлердин китепканачы деген статуска жооп бербегендиги көйгөй жаратып келет. Ушулардын баарын биз аттестация кылып чыктык.

Кадрлардын көптөрү талапка жооп бербейт деп, азыр аларды окутканы жатабыз. 2 айлык же 1 жылдык, кээ бирлерин сырттан окутуп дегендей. Ар бир облустардагы университеттерде китепканачыларды даярдоо багытын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анткени алыстан эмес, жакын жерден окуганы жакшы да. Демек, китепканачыларыбызды, музейчилербизи, театр кызматкерлерин окутуп, алардан билимдүү кадр болуусун талап кылып жатабыз. Анткени өзүнүн жумушун билбеген киши жакшы иш алып бара албайт да.

– Шарттарды түзүү менен кошо катуу талаптар да коюлат деп айттыңыз. Кандай талаптар болот?

– Мамлекетти кечке күтүп отура бербешибиз керек. Биздин ремонтубуз жок, машинабыз жок же айлыгыбыз аз деген шылтоолор көп. Театр, оюн-зоок мекемелердин баарынын атайын эсептери бар. Ошолорго жакшы иштеп, көп акча түшүргүлө деген талаптарды коюп жатабыз. Гастролдоп, спектаклдерин коюп, акча таап келип, уруксат берилген 30 пайызын өздөрүнө сый акы кылып жаздырып алышса болот да. Ал эми билет сатуу ишин да жакшыртышыбыз керек. Ошондо айлыкты эле күтүп отурбай, артистер айлыктарын мыктылап көбөйтүп алышса болот.

Азыр мамлекет тарабынан 50-60 же 100 млн.догон акча берилгени менен ошонун 1 пайызын да актабай атабыз. Ал эми айрым башка мамлекеттерде, мисалы: 32 пайызы мамлекеттен берилсе, 62 пайызын өздөрү таап аткан фактларды билебиз. Алардан биздин эмнебиз кем? Эмне үчүн биз андай кылбашыбыз керек? Мамлекетти күтүп жөн эле отура бербешибиз керек да. Ошол үчүн ар бирибиз новатрлык менен иш алып барышыбыз керек. А биз, Маданият министрлиги, ушул сунуштарды эске алып, мыйзамдарыбызга, токтомдорубузга, тескемелерибизге киргизип, мыйзамдуу кылып беришибиз керек. Азыр биз ушунун үстүнөн да иш алып барып жатабыз. Булар ишке ашса, көп жумуштарга шарт түзүлөт деп ойлойм.

– Талаптарды күчөтүп жатканыңыздар жакшы экен, ал эми министрликтин өзүнүн иш алып баруу түзүмү кандай болуп атат?

– Биз министрликтин аппаратынын иш алып баруусу боюнча чоң өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Ар бир муктаждыкты чечүүдө тез жана ыкчам иштөө боюнча региондогу кээ бир мамлекеттик кызматкерлерди өзүбүзгө алып, аппаратыбызды чоңойтуп, иштөө системасын өзгөртүүнү максат кылып жатабыз. Мисалы, өлкө боюнча биздин иш-чаралар абдан көп. Аларга биздин аппаратыбыз аралашпагандай кылып, ал атайын мыйзамдар менен, укук ченемдик актлар менен отуруп гана иштей турган кылып, ал эми аппаратты өзүнчө уюштуруу бөлүм кылып түзүп атабыз. Ал деген кайсы бир иш-чараларды аткаруучулук, аны көзөмөлдөө боюнча иштей турган атайын система киргизип жатабыз.

Анан кайсы бир маселе биздин министрликте кармалып, убагында чечилбей жаткан укуктук-ченемдик актлар, нормалар иштелбей калган учурлар бар. Совет доорунда кабыл алынып, бирок азыркы эгемендүүлүк доорунда кабыл алынбай калып, кээ бир системалар боюнча кантип иш алып бараарды билбей, токтоп калган учурлар болууда.

Биз көп токтомдорду киргизип жатабыз, ошол эле оюн-зоок мекемелерде иш алып барууда жана аларга шарт түзүп берүүдө, жеке менчик менен биргеликте иштешүү боюнча дагы, имараттарды жаңыртууда биргеликте инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Инвестор демекчи, азыр андайлар чыгып атат. Көптөгөн кино театрларыбыздын баары ижарага берилип, мамлекетке мурун 7-8 киши иштеп, акча корой турган болсо, азыр ошол имараттар ижарага берилип, кайра мамлекетке ошол кино театрлар андан сонун абалда иштеп, пайда алып келе тургандай кылабыз. Бул аракеттерибиз жакын арада жыйынтыгын берет деген үмүттөбүз.

– Рахмат маегиңизге.

Маектешкен: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

19.11.2026
Монголиянын парламенти Ухнаагийн Хүрэлсүхтүн президенттик кызматтан кетүү өтүнүчүн канааттандырды

Монголиянын парламенти Ухнаагийн Хүрэлсүхтүн президенттик кызматтан кетүү өтүнүчүн канааттандырды

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026
Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

19.11.2026
Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

Евразиянын түштүк дарбазасы: Борбор Азия Оман аркылуу Перс булуңуна транзиттик жолду кантип ачып жатат?

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

19.11.2026
Президент С. Жапаров президентикке талапкерлерди кабыл алды

Президент С. Жапаров президентикке талапкерлерди кабыл алды

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.