2-июль күнү Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз-россиялык жумушчу тобунун 5-отуруму болуп өттү.
Жыйынга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова катышты.
Аталган министрликтен билдиришкендей, тараптар энергетика, IT технологиялары, машина куруу, металлургия, фармацевтика, курулуш материалдары тармактарында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, себилдегичтерди жеткирүү, Кыргызстандын аймагында индустриалдык парктарды түзүүдө билим жана тажрыйба алмашуу сыяктуу тармактарда долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, 2023-жылдын декабрында кол коюлган Жол картасын ишке ашырууда Кыргызстандын «Вираж» ЖЧК жана Россиянын «КАМАЗ» КАКму менен бирдикте өндүрүштүк аянттарда КАМАЗ шассисинин базасында автотехниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолушту.
А. Усенбекова белгилегендей, өнөр жай саясатынын негизги багыттарынын бири – Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кооперацияны тереңдетүү болуп саналат.
Тараптар бири-биринин улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылуу принциптерине негизденип, индустриалдык өнүгүүнү жогорулатуунун үстүндө иштей турган ишкер байланыштарды мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин баса белгилешти.
Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын (ӨАК) 25-отурумунун алдында, Красноярск шаарында 2024-жылдын 10-11-июлунда дагы өтүшү күтулүүдө.




















