Футбол боюнча Европа чемпионатынын бардык чейрек финалдык жуптары аныкталды. Чейрек финалдын акыркы эки катышуучусу Голландия менен Түркиянын командалары болду.
1/8 финалдык беттеште тайпада 1-орундан сенсациялык түрдө плей-оффко жолдомо алган Румыния 0:3 эсебинде Нидерландка утулуп калды. Коди Гакпо 20-мүнөттө гол киргизсе, Дониелл Мален эки гол киргизди (83, 90+3).
Ал эми Түркия Австрияны 2:1 эсебинде утту. Ага жеңишти Мерих Демиралдын дубли алып келди. Коргоочу биринчи голду беттештин 57-секундунда киргизип, бул Евро плей-оффтун тарыхындагы эң эрте гол болуп калды. 59-мүнөттө түркиялык оюнчу дубль жасады. Майкл Грегорич 66-мүнөттө бир гол киргизди.
Евро 2024ттүн чейрек финалдык жуптары:
Испания – Германия (5-июль)
Португалия – Франция (5-июль)
Англия – Швейцария (6-июль)
Нидерланды – Түркия (6-июль)

















