Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көлдү бойлото теплоход менен сейилдеп, “Номад” этно-комплексиндеги этномаданий программа менен таанышышканын мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Улуттук стилде жасалгаланган боз үй шаарчасы кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөттү.
Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышуу учурунда президент Садыр Жапаров Антониу Гутерришке кыргыз баш кийимин — ак калпакты белекке берди.
Жогорку даражалуу коноктор үчүн ат оюндары, жаа атуу, тайгандар жана бүркүттөр менен мергенчилик уюштурулду. Маданий иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.





























Discussion about this post