Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Гутерриш президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларында азыркыдай динамизмди көрбөгөнүн белгиледи.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара боюнча юридикалык жактан толук чечилген чек ара маселелерине токтолуп, Кыргызстандын Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек арасындагы маселелерди чечүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын айтып, Кыргызстан ар дайым бардык маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактап келгенин белгиледи.
Гутерриш бардык жаралган маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын символу экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУга 166 мүчө мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койгонуна басым жасады.
БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан өнүгүүнүн бардык этаптарын ийгиликтүү басып өтүп, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, туура прогрессивдүү жолго түшкөнүн белгиледи.
Ошону менен бирге ал Кыргызстандын бардык милдеттенмелерин аткарганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуу максатында БУУ жана бардык мүчө-мамлекеттер менен тыгыз өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өлкөнүн умтулуусун ырастады.
Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин жана БУУ өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрүнө иш сапарынын алкагында Кыргызстанга 1-июль күнү кечинде келген. Сапардын алкагында мамлекет башчы менен жолугушуудан тышкары, Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү, ошондой эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоорлорунун бирине барары пландалууда.
Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулайт, ошондой эле эл аралык мамилелердин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.



















