Сапардын алкагында Тажикстандын өкмөтүнүн жана парламентинин жаңы имараттарынын ачылышы күтүлүүдө.
4-6-июлда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат. Иш сапар өлкөнүн президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен ишке ашарын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мамлекет башчылары тар жана кеңири курамда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Ошондой эле, Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кытайдын төрагасы башка расмий иш-чараларга катышат.
Тактап айтканда, иш сапардын алкагында Си Цзиньпин Тажикстандын өкмөт жана парламентинин жаңы имараттарынын ачылышына катышаары күтүлүүдө. Учурда жаңы имараттардын аянтчасында акыркы ирет көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Си Цзиньпин буга чейин Казакстанга да келип, ШКУнун саммитине катышат. Саммиттин катышуучулары экономикалык жана энергетикалык маселелерди талкуулашары күтүлүүдө.
Эске сала кетсек, Дүйшөмбү шаарындагы өкмөттүк имараттарды жана парламенттик комплексти курууга акысыз жардам көрсөтүү боюнча макулдашуу 2017-жылдын сентябрында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Пекинге болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген.
Кытайлык куруучулар курулушту 2020-жылы түз башташкан. Андан кийин бул үчүн 1,5 миллиард юань (болжол менен 220 миллион доллар) бекер бөлүнгөн.
Парламенттин жаңы имараты борбор калаанын Рудаки проспектисинде жайгашкан, башкы имараттын пландалган бийиктиги 49,7 метр, ал эми куполду эсепке алганда 70 метр. Парламенттик комплекстин жалпы аянты 42 миң 874 чарчы метрди түзөт.
Тажикстан өкмөтүнүн имараты Дүйшөмбү шаарынын борборунда, Рудаки жана Исмоили Сомони проспектилеринин аймагында 10,27 гектар аянтты ээлейт. Комплекс 15 кабаттуу өкмөттүк имараттан жана мамлекеттик мекемелердин 13 кабаттуу эки имаратынан турат.























