Россиянын президенти Владимир Путин Ирандын элине 28-июнга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.
Бул тууралуу Путин Ирандын президентинин милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдиргенин Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
«Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Иран Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысынын милдетин аткаруучу Мохаммад Мохбер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бардык негизги багыттар боюнча мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Путин менен Мохбер Россия менен Ирандын энергетика тармагындагы жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтерин белгилешти.
Путин ошондой эле Россия менен Ирандын ортосундагы достук мамилелери андан ары өнүгөт деген ишенимин билдирди.
Эске салсак, Иран тараптын демилгеси менен 14-июнда Путин менен Мохбер телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдиришкен.
Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге жүктөлгөн.
Раисинин авиакырсыктан каза болушуна байланыштуу өлкөдө мөөнөтүнүн мурда шайлоо өткөрүү 28-июнга белгиленген. Президенттикке алты талапкер ат салышууда. Мохбер шайлоого катышууга өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн эмес.


















