25-июнда Шавкат Мирзиёев Өзбекстанга иш сапары менен келген Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцевди кабыл алды. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн башында мамлекет башчысы жакында Дагестанда болгон теракттын кесепетинен каза болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо сөздөрүн айтты.
Андан соң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу маселелери каралды.
Терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик криминалистика жаатындагы мындан аркы кызматташуунун актуалдуу аспектилери талкууланды.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы миграция тармагындагы кызматташуу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.



















