Ассошиэйтед Пресс жума күнү билдиргендей, Меккеге дүйнөнүн булуң-бурчунан 1,5 миллиондон ашык мусулман зыяратчылар келишти.
Агенттик белгилегендей, Сауд Арабиянын бийликтери быйыл ажылыкка 2 миллиондон ашык адам катыша алат деп күтүүдө.
Ажылык башталганга чейин зыяратчылар таваф – Меккедеги аль-Харам мечитинин короосунда жайгашкан мусулмандардын Каабанын ыйык жайын сааттын жебесинин жанында зыярт жөрөлгөсүн жасашты.
Ажылык Газа тилкесиндеги согуштун фонунда өтүүдө. Май айында Рафах көзөмөл-өткөрүү пункту жабылгандыктан анклавдын тургундары ажылыкка бара албай калышты. Бирок Рафах өткөөлү жабылганга чейин Газадан чыгып кетүүгө үлгүргөн адамдар ажылыкка катышары кабарланууда.
Палестина бийлигинин маалыматына караганда, Меккеге ажылык үчүн Батыш Жээктен да 4,2 миңдей зыяратчы келишти.
Салт боюнча Кыргызстандан да миңдеген зыяратчылар ажылыкка барышты.
Он жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу Дамасктан түз каттамдар сириялык зыяратчыларды Меккеге алып келүүдө, анткени Сауд Аравиясы менен Сириянын ортосундагы түз аба каттамдары ушул жылдын башында жанданган.
Ажылык 14-июндан 19-июнга чейин болот. Буга чейин Сауд Арабиясынын метеорологдору абанын температурасы 48 градуска жетиши мүмкүн экенин эскерткен.
“Бул мезгилде абанын температурасы 45-48 градус Цельсийге чейин көтөрүлүшү мүмкүн, нымдуулук 25% жана жаан-чачын нөлгө барабар болушу мүмкүн”, – деп билдирди Сауд Арабиянын метеорологиялык борбору.
Мындан тышкары, синоптиктер ылдамдыгы секундасына 2,7ден 10 метрге чейин жеткен шамал болорун эскертишти.
Ажылык – исламдын башкы ыйык жайы Кааба жайгашкан Меккеге жыл сайын жасалуучу зыярат. Мусулман ай календары боюнча он экинчи айдын башында болот. Ар бир динчил мусулман өмүрүндө жок дегенде бир жолу ажылыкка барышы керек, эгерде анын ден соолугу жана материалдык абалы мүмкүнчүлүк берсе.


















