Израилдин Жогорку сотунун мурдагы башчысы, бул өлкөнүн Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык сотундагы өкүлү Аарон Барак кызматынан кетти.
“Yedioth Ahronoth” басылмасы маалымдагандай, Аарон Барак 5-июнь күнү кечинде Израилдин прем-ер-министри Биньямин Нетаньяхуга Эл аралык соттон кетип жатканын билдирген.
Барак кызматынан үй-бүлөлүк себептерден улам кетип жатканын айткан.
Аарон Барак буга чейин 1978-1975-жылдары Израилдин өкмөт кабинетинде сот кеңешчи жана 1995-2006-жылдары Жогорку соттун башчысы болуп иштеген.
Аны Нетаньяху өткөн жылдын январь айында Израилдин Эл аралык соттогу өкүлү кылып дайындаган.
Ал Израилди Газада геноцид кылды деп арыз менен кайрылган Түштүк Африканын ишин караган БУУнун Жогорку сотунун 15 соттук коллегиясынын мүчөсү болгон.
“Yedioth Ahronoth” басылмасы Израиль бийликтери Ааронду башка сотко алмаштырабы же жокпу, чечиши керек деп жазды. Бирок кээ бир юридикалык булактар бул боюнча консультациялар жакынкы күндөрдө болорун жана Израиль башка сотту дайындай турганы белгисиз экенин айтышты.
Эске салсак, Гаагадагы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соту 24-майда Израилди Газа тилкесиндеги Рафах шаарындагы операцияны токтотууга жана палестиналыктардын геноциди тууралуу билдирүүлөрдү иликтөө үчүн анклавга эл аралык инспекторлор тобун киргизүүгө милдеттендирген.
Түштүк Африканын өтүнүчү менен каралган чечимди 15 судьянын 13ү колдоп, Уганда менен Израилдин өкүлдөрү каршы болгон.
Соттун чечими боюнча Израиль Рафахтагы операцияны дароо токтотуп, анклавга гуманитардык жардамдарды өткөрүү үчүн Газа тилкеси менен Египеттин чек арасындагы “Рафах” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачышы керек.
Андан сырткары, Тель-Авив бир айдын ичинде бул буйруктун аткарылышы тууралуу отчет берип, Газа тилкесине БУУнун жана гуманитардык жардам уюмдарына, палестиналыктардын геноциди тууралуу билдирүүлөрдү иликтөө үчүн фактыларды аныктоочу миссияларга, тергөөчүлөргө жана журналисттерге далилдерди чогултууга уруксат бериши керек.


















