Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “6-майдан тартып, акыркы үч жума ичинде иштетилген жүндөр Кытайга экспортко чыгарыла баштады” деп билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, Кытайга Кыргызстандан 20 тоннадан ашуун жүн экспорттолгон. Ошол эле учурда ишкана бир гана жүн эмес, андан жасалган даяр продукцияны да ийгиликтүү чет өлкөгө чыгарып турат.
Бүгүнкү күндө Фрунзе заводундагы жүн ишканасы ак жүндүн бир килограммын 60-100 сомдон, кара жүндү 10-15 сомдон баалап, сатып алышат. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк (одеяло), кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат.
Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев “Айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилет. Бул багыттардын бири катары жүндү кайра иштетүүнү колго алуу. Мунун натыйжасында, айыл жергесинде каралбай, ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандарыбыздын кирешесин көтөрүү керек”, – деп бир нече жолу белгилеген болчу.
Маалымат: Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, элдин 65%ы мал чарбачылылыгы менен алектенет. Майда жандыктардын жүнү текстиль өнөр жайдын негизги сырьёсу. Өнөр жайда иштетилүүчү жүндүн негизги бөлүгүн кой жүнү түзөт. Андан кездеме токулуп, кийиз басылат жана улттук ар кандай түрдүү буюмдар жасалат. Жүн ичкелиги, узундугу, тармалдыгы, бышыктыгы, жеңилдиги, өңү, жылтырактыгы жана башка касиеттери боюнча бааланат.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөдө 6 млн.го жакын кой, эчки бар. Алардын ар биринен жылына орточо 3 кг.дан жүн кыркылып алынат. Бирок дүйнөлүк рынокто баалуу бул сырьё сатылбай, иштетилбей, ыргытылып калууда. Жакында жеке ишкерлер жүндөн жер семирткич жасоону да колго алышкан.


















