Америкалык ишкер Илон Масктын “Neuralink” нейротехнологиялык компаниясынын мээ имплантын биринчи болуп орноткон Нолан Арбо аны дээрлик күн бою колдонуп жатканын Business Insider басылмасына берген маегинде билдирди.
“Кээде күнүмдү таңкы саат 7де баштайм жана имплантты кечки саат 11ге чейин колдоном, бул күн узакка созулуп жатканын билем, бирок бул мага жагып жатат, өзүмдү иштеп жаткандай сезбей элемин, – деди Арбо.
Ал ошондой эле имплантты социалдык тармактарда адамдар менен баарлашууда, комикстерди окууда жана япон тилин үйрөнүү үчүн колдонуп жатканын айтты.
Март айында имплант таккан бейтап шахматты “ойдун күчү менен” кантип ойноп жатканын көрсөткөн.

Эске салсак, Илон Масктын “Neuralink” компаниясы адамдын мээсине чипти ийгиликтүү орнотконун үстүбүздөгү жылдын январь айында маалымдаган. Чип кырсыктан улам ийинден ылдый шал болуп, эч нерсе сезбей калган 29 жаштагы Нолан Арбонун мээсине орнотулган. Маск бейтаптын абалы жакшы экенин, эксперименттин алгачкы жыйынтыктары үмүт арттырганын билдирген.
Кийинчирээк ишкер компаниянын биринчи продуктусу “Telepathy” деп аталарын жазган. Ал адамга телефонду жана компьютерди ойдун күчү менен башкарууга мүмкүндүк берет. Имплант биринчи кезекте колу-буту шал болуп калгандар үчүн жасалган.
“Neuralink” стартапы 2016-жылдын июль айында Маск тарабынан түзүлүп, келечекте адамдын мээсине имплантациялана турган чиптерди иштеп чыгууда. Ишкер мындай нейрондук интерфейстер адамга жасалма интеллектке каршы турууга жөндөмдүү киборг болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле адамдарга ойдун күчү менен компьютерди түз башкарууну үйрөнүүгө жардам берет деп эсептейт.
АКШнын FDA (Азык-түлүк жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалыгы) мээ чиптерин адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө былтыр уруксат берген.
Мээ чиптери эмне үчүн керек?
«Мээнин революциялык имплантын» иштеп чыгуучулар ал шал оорусу же сокурдук сыяктуу ден соолук көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет деп эсептешет.
Жаныбарларга изилдөө жүргүзүү кээ бир натыйжаларды көрсөткөн.
Алсак, чиптин жардамы менен макаканы менталдык пинг-понг ойноого үйрөтө алышкан. Чипте приматтын кыймылдаткыч кабыгына орнотулган эки миңден ашык электроддор камтылган.
“Neuralink” бул эксперименттин максаты нейрондордун активдүүлүгү аркылуу шал болгондорго компьютер же телефон колдонууга мүмкүнчүлүк берүү экенин түшүндүргөн.
Маск ошондой эле мээсине чип орнотулган чочкону көрсөтүп, жаңы технология неврологиялык илдети бар кишилерге жардам берерин билдирген.




















