Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы соода башкы башкармалыгынын жетекчиси Мухаммад бин Абдулазиз Аль-Абдуль Аль-Жаббар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабия ортосундагы соода тармагындагы кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.
Элчи эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин акыркы жылдардагы өнүгүүсүнүн жагымдуу динамикасына токтолуп, эки өлкөнүн жеке секторлорунун өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды орнотууда кыргыз-сауд бизнес кеңешинин маанилүү ролун белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстандын товарларын Сауд Арабиясынын рыногуна экспорттоону илгерилетүү жана өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу максатында Кыргызстан Сауд Арабиясынын Тышкы соода башкы башкармалыгы менен кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге соода жана экспортту илгерилетүү жаатындагы кызматташтыкты активдештирүү маселесин алдыга жылдыра ала турган бир катар сунуштарды айтты.
Өз кезегинде Мухаммад бин Абдулазиз Аль-Абдуль Аль-Жаббар Элчиге жолугушуу жана кызматташууну мындан ары активдештирүү боюнча айтылган сунуштары үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз-Сауд ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгүн активдештирүү боюнча элчиликке кеңири жардам көрсөтөрүнө ишендирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз- Сауд ортосундагы мамилелерди түзүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен иш планын даярдоону макулдашышты.
Эскерте кетсек, Улукбек Марипав Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болуп 2022-жылы дайындалган. Ал буга чейин эки өлкөнүн маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуусуна ынтызар болуп, маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен да жолуккан.


















