Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстан менен Пакистандын ТИМ башчылары Бишкектеги тополоңду талкуулашты

  • Саясат
  • 20.05.2024 16:24

Loading

Кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар салттуу достук мүнөзгө ээ болгон кыргыз-пакистан мамилелерин эки тараптуу деңгээлде ар кандай чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, ИКУ ж. б. алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын белгилешти.

Кулубаев 18-майда Бишкек шаарында Пакистандын жарандарын катышуусунда болгон окуя тууралуу маалымат берип, учурда коомдук тартип толугу менен камсыздалып, кырдаал көзөмөлдө экенин баса белгиледи.

Тема боюнча

Президент С. Жапаров жана Пакистан Президенти А. Зардари Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты

Президент С. Жапаров жана Пакистан Президенти А. Зардари Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты

08.07.2026

Ошол эле учурда кыргыз тарап чет элдик ЖМКларда, социалдык тармактарда, анын ичинде Пакистан Ислам Республикасынын аймагында аталган окуя жана Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу жалган жана такталбаган маалыматтар жайылып жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирип, тастыкталган маалыматты пайдалануунун, ошондой эле Пакистандын маалымат мейкиндигинде Кыргыз-Пакистан мамилелерине зыян келтириши мүмкүн болгон жалган маалыматтарды жана басылмаларды токтотуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал эми  М. Дар кыргыз бийлигинин коомдук тартипти жана пакистандык студенттердин КР аймагындагы коопсуздугун камсыздоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жаткандыгы үчүн толук түшүнүү жана ыраазычылык билдирип, бул багытта жигердүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйждасында маалымат алмашуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында тараптар 2024-жылдын 21-майында Астана шаарында ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, ошондой эле жакынкы арада Бишкек шаарында КР жана ПИР ортосунда консулдук-укуктук маселелер боюнча ТИМдер аралык кеңешмелерди уюштурууну макулдашышты.

Жаңжалдын чоо-жайы

17-18-май күндөрү Бишкекте пакистандык жарандар менен кыргыз жаштарынын ортосунда келишпестик жаралып, натыйжада бул окуя масштабдуу мушташка айланган. Мушташ учурунда 29 чет өлкөлүк ар кандай жаракат алган.

Ошол эле күнү Пакистандын өкмөтү бул окуяга реакция жасап, өкмөт башчысы Шебхаз Шариф мекенине кайтууну көздөгөн жарандарын өкмөттүн эсебинен алып келүүнү тапшыргандан кийин 19-майда 130 студент атайын учак менен Пакистанга кеткен. Аларды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Навки тосуп алган. Пакистандын дагы 500дөн ашуун студенти чыгып кетээри күтүлүүдө жана жалпысынан 670 киши болоору маалымдалды.

Бул окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин жатаканасына барып, пакистандык студенттер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Э. Байсалов болуп өткөн окуя боюнча териштирүүлөр дагы уланып, күнөөлүүлөр аныкталып, жазалана турганын кошумчалап, студенттер менен мугалимдерден кечирим сураган.

Мындан тышкары, кыргызстандыктардан түзүлгөн атайын ыктыярчы топтор пакистандык жарандардын жатаканасына барып, алардын абалы менен таанышып, азык-түлүктөр менен камсыз кылышты.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын соңундагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алууда. Бул өлкөдөгү бардык студенттердин 35% ын түзөт. Чет элдик студенттердин 61% индиялыктар, 32% пакистандыктар.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Бишкектеги тополоңБишкектеги чет элдик мигранттаркыргыз-пакистан мамилесипакистандык студенттер Кыргызстанда
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте Президент С. Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Ш. Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бишкекте Президент С. Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Ш. Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

02.09.2026
Президент С. Жапаров жана Пакистан Президенти А. Зардари Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты

Президент С. Жапаров жана Пакистан Президенти А. Зардари Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты

08.07.2026
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду

28.04.2026
ЖК төрагасы Марлен Маматалиев Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды

ЖК төрагасы Марлен Маматалиев Пакистандын элчиси Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды

17.02.2026
У. Тотуяев, Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси: “Пакистандыктар өздөрүн Борбор Азиядан келгенбиз дешет”

У. Тотуяев, Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси: “Пакистандыктар өздөрүн Борбор Азиядан келгенбиз дешет”

06.02.2026
У. Тотуяев: “Пакистан аркылуу Кыргызстандын товарларын чет мамлекеттерге экспортоо мүмкүнчүлүгү бар”

У. Тотуяев: “Пакистан аркылуу Кыргызстандын товарларын чет мамлекеттерге экспортоо мүмкүнчүлүгү бар”

04.12.2025
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Пакистанга барды

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Пакистанга барды

04.12.2025
Кыргызстан менен Пакистан өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи жыйынына даярданууда

Кыргызстан менен Пакистан өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи жыйынына даярданууда

22.04.2025
Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгы талкууланды

07.04.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.