Россиянын жана Ислам Кызматташтык Уюмунун өлкөлөрүнүн “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” аттуу эл аралык экономикалык форуму Казань шаарында өтүүдө. Форум Россиянын аймактары үчүн гана эмес, чет мамлекеттер үчүн да чоң мааниге ээ. 14-майда башталган иш-чара 19-майга чейин уланат.
Казань форумунун бул жолку сессияларына Индия, Иран, Катар, Афганистан, Ливия, КМШ өлкөлөрү жана башка көптөгөн мамлекеттердин өкүлдөрү катышууда.
Аталган форумга Ирандан катышып жаткан Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали маалымат жыйынында “Түндүк-Түштүк” коридорундагы товар алмашуу тенденциясы тууралуу отчет берип жатып, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Иран, Россия жана Азербайжандын бажы жана транспорт тармагындагы жогорку даражалуу адамдары Ирандын Гилян провинциясынын Астара шаарында үч тараптуу жолугушууларды өткөрөрүн билдирди.
Ал логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо жана “Түндүк-Түштүк” коридорунда товар алмашуу процессин тездетүү үч өлкөнүн бажы жана транспорт жаатындагы жооптуу адамдардын күн тартибинде болорун белгиледи.
Иран элчиси “Түндүк-Түштүк” коридорун ири долбоор экенин айтып, 2023-жылы бул эл аралык коридордо жүк ташуу процесси жакшы жылыштар менен коштолгонун кошумчалады.
Анын айтымында, коридордун чыгыш тарабында биринчи жолу жүк ташылып, бул каттам аркылуу 650 миң тонна жүк ташылган. Мындан тышкары, Каспий деңизинен коридордо жүк ташуу 2022-жылы 6 миллион тоннадан 2023-жылы 10 миллион тоннага чейин өскөн.
Ал эми Россия, Азербайжан жана Иран аркылуу өткөн коридордун батыш багытында мурдагы жылдардагы товар алмашуунун эң жогорку көлөмү 1,5 миллион тоннадан 2 миллион тоннага чейин болсо, 2023-жылы 3 миллион тонна жүк өткөн.
Тегеран Россия менен аба каттамдарын көбөйтүүнү каалайт
Мындан тышкары, Жалали Тегеран Иран менен Россиянын ортосунда түз аба каттамдары бар шаарлардын санын көбөйтүүнү каалай турганын билдирди.
Ал 2023-24-жылдары ирандыктардын Россия болгон саякаттарынын саны болуп көрбөгөндөй болгонун, ал эми россиялыктардын Иранга болгон туристтик сапарлары боюнча да жакшы секирик болгонун белгиледи.
Ал Россия менен Ирандын ортосундагы топтук туристтик сапарлар үчүн визалар жоюлганын эске салды.
Анын айтымында, азыр эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары негизинен Москва менен Тегеранга, кээде Санкт-Петербургга гана чектелет.
“Биз багыттардын санын көбөйтүшүбүз керек. Казанда Иран менен түз каттамдар үчүн потенциал бар, Астрахан жана башка бир катар шаарлар да бар. Иранда россиялыктар да учуп келе турган бир нече шаарлар бар – алар Решт, Тебриз, Исфахан, Шираз”, – деп белгиледи Иран элчиси.
Жалали ошондой эле эки өлкөнүн банктык кызматташтыгы менен россиялык туристтер Иранга саякаттоодо “Мир” карталарын колдоно алышат деген үмүтүн билдирди.
БРИКСтин бирдиктүү валютасын түзүүнүн үстүндө иштөө
Ирандык дипломат ошондой эле Иран Россиянын БРИКСке төрагалык кылган иш-чараларына активдүү катышууда жана өлкөлөр биримдиктин бирдиктүү валютасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын да билдирди. Элчи белгилегендей, Иран биримдиктеги жаңы мүчө мамлекет катары БРИКСтин иш-чаралары боюнча абдан масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат.
«Россия менен Иран биримдиктин алкагында жаңы бирдиктүү валютаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатат», – деп белгиледи дипломат.
Жалали АКШ долларды чектөөлөрдү жаратуу үчүн колдонуп жатканын, ошондуктан өз ара эсептешүүдө улуттук валюталарды колдонуу күн тартибинде турганын белгиледи.
Россия менен Ирандын мамилеси азыр «алтын этапта» экенин баса белгилеген элчи эки тараптуу сооданын 60%дан ашыгы рубль жана риал менен жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Тегеран менен Татарстандын кызматташуу ниети
Форумга катышып жаткан Тегеран соода, тоо-кен жана айыл чарба палатасынын вице-президенти Мехди Садеги Татарстандын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, бул жерде машина өнөр-жайы, жол курулуш жабдууларын, мунай продуктыларын жана шиналарды чыгаруу жагынан жакшы чаралар көрүлгөнүн, бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн негиз боло аларын белгиледи.
Ал Тегеран провинциясынын палатасынын Татарстан палатасы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу программасына токтолуп, эки палатанын күн тартибинде турган эң маанилүү маселе – Татарстандын каучук өндүрүү, ошондой эле оор жүк ташуучу унаалар жана автобустар үчүн шиналарды өндүрүү тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу экенин билдирди.
Садеги Тегеран провинциясынын өнөр жай өндүрүшү, тамак-аш, косметика, кийим-кече жана билимге негизделген өнөр жай тармагында да жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар экенин, бул эки тараптуу алмашууларды өнүктүрүү үчүн негиз боло аларын кошумчалады.
Татарстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Артур Никлаев да бул аймак башка өлкөлөр менен анын ичинде Иран менен соода алмашууну өнүктүрүүдө ортоңку звено катары роль ойноого умтулуп жатканын билдирди.















