Афганистандын энергетика жана суу ресурстар министрлиги Камал Хан суу тосмосунун ГЭС менен кошо жана суу сактагычынын реконструкциясы 99%га аяктап, гидротехникалык курулушу жакында пайдаланууга берилерин маалымдады.
TOLOnews маалымат каражатына Афганистандын энергетика жана суу ресурстар министрлигинин пресс-катчысы Матиулла Обиддин билдирүүсү боюнча, тосмо менен курчалган суу сактагычка 52 миллион кубометр сууну батырууга жөндөмдүү жана гидроэлектростанция алты мегаватт электр энергиясын иштеп чыгарып, 174 000 гектардан ашык айыл чарба жерлерин сугарат.
«Жумушу 99%га аяктап калган Нимроз провинциясында жайгашкан Камал Хан тосмосунун долбоору өлкөнүн энергетика жана суу ресурстар министрлигинин өтө маанилүү пландарынын бири болуп саналат», – деди ал.
Афганистандын айыл чарба жана малчылык боюнча палатасы тосмону куруу айыл чарба жерлерин сугаруудагы маанилүү роль аткара тургандыгын моюнга алат. Ведомство суу ресурстарын туура пайдалануу менен Афганистан импорттогон-өлкөдөн экспорттогон-өлкөгө айлана алат деп белгилейт.
«Камал Хан тосмосу – бул өтө жакшы жетишкендик. Куштепа каналы менен биргеликте эле Шах жана Арус тосмолоруна да биз өкмөткө Кунар тосмосун көзөмөлдөөнү жана түзүүнү сунуштайбыз, себеби суу Афганистанда баалуу, ал эми Афганистан – айыл чарба өлкөсү», – деди Палатанын жетекчисинин орун басары Мирвайс Ходжизода.
Айрым эксперттер өлкөдөгү суу бөлүштүрүүчү тосмолордун курулушунун маанилүүлүгүн белгилөө менен тосмо курууга жана суу ресурстарын башкарууга инвестицияны жогорулатуу керек дешүүдө.
«Тосмолорду куруу бир эле электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн өтө маанилүү болуп саналбастан, ал бизди кургакчылыктан коргогондугу боюнча да керек», – дейт суу ресурстарын башкаруу боюнча эксперт Наджибулла Садид.
Гильменддин суусун Иран менен бөлүшөт
Мурда Афганистандын энергетика жана суу ресурстар министрлиги өлкөдө быйылкы жылы сууну үнөмдөө жана суу сактагычтарда суу топтоо боюнча 300дөн ашык долбоорлорду ишке ашырууну билдирген.

Өткөн жылы Камал Хан суу сактагычы долбоордук деңгээлге жеткенде Афганистан ашыкча сууну кошуна Иранга агызган.
Камал Хан тосмосу тосуп турган Гильменд дарыясынан суу алуу укугу ирандык бийликтин Афганистанга дайыма талабы болуп келген. Ал акыркы жылдары Кабул менен Тегерандын ортосундагы мамилелерде чыңалууларга да алып келген.
«Биз Афганистандагы суунун корун толтурууга жана Ирандын алдындагы милдетибизди сактоого аракет кылабыз. Сууну агызуу – бул туура чечим», – деп билдирүү жасаган анда талибдердин өкмөтүнүн пресс-катчысы Забихулла Муджахид TOLOnewsка берген маегинде.
Бирок ошол учурда Нимроздун айылдарынын жашоочулары жакындагы кургакчылыктан каттуу жабыркашкандыгын жана Камал Хан суу сактагычындагы суунун корунан биринчи кезекте пайдаланыш керектигин белгилешкен.
«Нимроздун жашоочулары артыкчылыкка ээ болушу керек. Акыркы эки жылдагы кургакчылыктан биз каттуу жабыркадык, – деген Нимроздун жашоочусу Гул Ахмад. – Алгач бизди суу менен камсыз кылгыла. Түшүм өскөндөн кийин гана ашыкча сууну кошуналарга бергиле».
Гильменд дарыясы боюнча келишим 1973-жылы Афганистандын премьер-министри Мухаммад Муса Шафик жана анын ирандык кесиптеши Аббас Ховейдо тарабынан кол коюлган. Келишимге ылайык, Афганистан Гильменд дарыясынан сууну бөлүшүүгө жана секундасына 26 кубометр же жылына 850 миллион кубометр суу берүүгө милдеттенген.
Бир жылга келишим түзүлгөн
Белгилей кетүүчү жагдай, 2023-жылдын аягында Тажикстан жана Афганистандын электроэнергиялык компаниялары тажик электр энергиясын бул өлкөгө берүү келишимин түзгөн.
Документ Da Afghanistan Breshna Sherkat (DABS) башчысы Мулло Мухаммад Ханиф Хамза жана «Барки точик» ААК башчысы Махмадумар Асозод тарабынан Түркияда кол коюлган.
DABSтын маалыматында Түркиядагы жолугушууда тараптар ошондой эле Тажикстандан Афганистанга жаңы 500 кВ чыңалуудагы электр энергиясынын линиясын куруу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан.
Ошондой эле афгандык компаниянын жетекчилиги «Тажикстанга Афганистан жана Пакистанга Тажикстан менен Кыргызстандан электр энергиясын берүү каралган CASA-1000 долбоорун жандандыруу, координациялоо жана ишке ашыруу боюнча кызматташууга кайрылгандыгы» да белгиленген.
2008-жылы Тажикстан жана Афганистан тажик электр энергиясын 2028-жылга чейинки мөөнөткө берүү келишимин түзүшкөн. Тараптар ар бир жылдын аягында келерки жылга электр энергиясын берүүнүн көлөмү жана анын баасы боюнча кошумча кошумча протоколго кол коюшат.
Тажикстандын статистика ведомствосунун маалыматы боюнча, республика 2023-жылдын ноябрында $1,9 млн.дон ашык суммага электр энергиясын экспорттогон, бул мурдагы айга салыштырганда 46%га көп.
Жалпысынан 2023-жылдын башынан бери тажик электр энергиясы чет өлкөгө $107,7 млн.дон ашык суммага сатылган. Бул 2022-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 5%га көп.
2023-жылы Тажикстан эки өлкө гана – Афганистан жана Өзбекстан менен электр энергиясын сатуу келишимин түзгөн.
«Барки точик» ААК мурда Өзбекстанга электр энегиясын берүү жай мезгилинде, ал эми Афганистанга күз-кыш мезгилинде да улантылып, бирок анча көп эмес көлөмдө, «инфраструктураны сактоо үчүн гана» берилери белгиленген. Себеби жылдын суук мезгилинде республиканын өзүндө электр энергиясынын кескин жетишсиздиги жаралат.


















