Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Тажикстан ТИМи орус элчисине нааразылык нотасын тапшырды

  • Тажикстан
  • 30.04.2024 09:35

Loading

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 29-апрелде Орусиянын Душанбедеги элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырып, “Орусиянын аймагында тажик жарандарына карата өзгөчө терс мамиле болуп жатканына, ошондой эле алардын укуктары менен эркиндиктери бузулуп жатканына байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун” билдирди.

Буга чейин Тажикстандын жүздөгөн жараны орус-казак чек арасында жана Москванын аэропортторунда Орусияга кире албай турганы кабарланган.

“Тажикстандын гана жарандарына жасалып жаткан мындай мамиле тажик-орус мамилелеринин духуна жана салттарына таптакыр туура келбейт”, – деп жазылган нотада.

Тема боюнча

Москва жана Душанбе эмгек мигранттарын Тажикстанда экзаменден өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырышууда

Москва жана Душанбе эмгек мигранттарын Тажикстанда экзаменден өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырышууда

22.09.2025

Азырынча бул нотага орус тарап эч кандай реакция жасай элек. Бирок эки күн мурда Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова казак-орус чек арасындагы кезек күтүүлөр, тажик жарандарына карата тыюу салуулар тууралуу комментарий берип, бул “Крокус Сити Холлдогу” кол салуудан кийин террордук коркунуч уланып жатканына жана орус-казак чек арасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө байланыштуу экенин билдирген. Ошол эле маалда ал бул аракеттер “убактылуу мүнөзгө ээ экенин жана өлкөгө кирип жаткан чет элдиктер улутуна карабастан кылдат текшерилип жатканын” белгилеген.

26-апрелде Тажикстан ТИМинде орус элчиси Семен Григорьев менен жолугушуу өтүп, анын жүрүшүндө башка маселелер менен катар эле тажик жарандарынын Орусия аймагына кирүүдө кыйынчылыкка кабылып жатышы талкууланган.

“Элчиге тажик тарап Тажикстан жарандарынын негизсиз Орусияга киргизилбей жатышы жапырт мүнөзгө ээ болгонуна тынчсызданып жатканы жөнүндө айтылды”, – деп жазылган ТИМдин расмий билдирүүсүндө.

27-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеменин сайтына жарыяланган билдирүүдө бул өлкөгө өтө зарыл, чукул иш чыкса гана баруу керектиги жазылган.

Өткөн жума күнү орус-казак чек арасында кезекте турган тажикстандыктар өз өлкөсүнүн ММКларына  видеолорду жиберишкен. Тасмада кезек күткөндөр чек арадагы “Сагарчин” көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында 22-апрелден бери өтө албай турушканын, орусиялык чек арачылар мунун себебин түшүндүрбөй жатканын айтып беришкен.

Кезек күтүп турган 180ден ашуун тажикстандык номурлуу жеңил машинеде жана кичи автобуста жалпысынан 600дөй адам, арасында балдар, аялдар жана кары-картаңдар бар экени, башка өлкөлөрдүн жарандары чек арадан эч тоскоолдуксуз өтүп жатышканы кабарланган.

Ошол эле күнү Москвадагы “Внуково” аэропортуна учуп барган тажик жарандары жүздөгөн тажикстандык Орусияга киргизилбей, аба жайында кармалып турганына, мунун себептерин аларга эч ким түшүндүрбөй жатканына даттанышкан.

Укук коргоочулар “Крокус Сити Холлдогу” кандуу окуядан кийин Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарга каршы маанай күчөп, текшерүүлөр көбөйгөнүн билдирүүдө.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Анда кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткылап, өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде эле 145 адамдын өмүрүн алган бул кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: нотаРоссиядагы тажик мигранттартеракт. крокус сити холл
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Путин Москва облусундагы мектепте тажик баланын өлтүрүлүшүн «теракт» деп атады

Путин Москва облусундагы мектепте тажик баланын өлтүрүлүшүн «теракт» деп атады

23.12.2025
Москва жана Душанбе эмгек мигранттарын Тажикстанда экзаменден өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырышууда

Москва жана Душанбе эмгек мигранттарын Тажикстанда экзаменден өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырышууда

22.09.2025
Өзбекстан Приморьеде жарандарына болгон кол салуу боюнча Орусияга расмий кайрылды

Өзбекстан Приморьеде жарандарына болгон кол салуу боюнча Орусияга расмий кайрылды

16.09.2025
Россия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуу. Элчилер ТИМге чакыртылды

Россия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуу. Элчилер ТИМге чакыртылды

03.07.2025
Иран Израилдин чабуулдарын колдогону үчүн Украинага нааразылык нотасын тапшырды

Иран Израилдин чабуулдарын колдогону үчүн Украинага нааразылык нотасын тапшырды

01.07.2025
Орусия Өзбекстандын нотасындагы маалыматты карап жатат

Орусия Өзбекстандын нотасындагы маалыматты карап жатат

11.06.2025
ТИМ Түркияда кармалган мугалим боюнча түрк консулуна вербалдык нота тапшырды

ТИМ Түркияда кармалган мугалим боюнча түрк консулуна вербалдык нота тапшырды

25.04.2025
Москвада кыргызстандыктардын кармалышы боюнча ТИМ Россияга дооматтарды коёт

Москвада кыргызстандыктардын кармалышы боюнча ТИМ Россияга дооматтарды коёт

15.04.2025
КР ТИМге Россия Федерациясынын Элчиси Сергей Вакунов чакырылды

КР ТИМге Россия Федерациясынын Элчиси Сергей Вакунов чакырылды

14.04.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.