Пекин ар дайым башка өлкөлөр менен деңиз талаш-тартыштарын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулат, бирок анын кыянаттык менен пайдаланылышына жол бербейт.
Бул тууралуу Кытайдын Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орун басары Чжан Юся Кытайдын Циндао шаарында өткөн Тынч океандын батыш бөлүгүндөгү өлкөлөрдүн 19-аскердик-деңиз симпозиумунун ачылышында сүйлөп жатып билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
Анын айтымында, деңиз өлкөлөр бири-бирине күчүн көрсөтө турган аянтчага айланбашы керек.
Чжан Юся талаш-тартыштар сөзсүз чыгып турарын айтып, бирок эң негизгиси аларды чечүүнүн туура жолун табуу керек деп эсептейт.
Ал белгилегендей, жеке кызыкчылыгы үчүн атайылап талаш-тартыштарды козгоп, провокация кылгандар, тирешүүнү тутанткандар акыры өздөрүнө гана зыян алып келерин тарых көсөттү.
Анын айтымында, деңиз чектөөлөрүн түзүү жана аралдарды блокадалоо менен байланышкан чаралар дүйнөнү бөлүнүү жана башаламандыктын куюнуна гана алып келет.
Симпозим биринчи жолу Филиппиндин аймактык сууларынан тышкары жерде өткөрүлө турган АКШ менен Филиппиндин жыл сайын өткөрүлүүчү биргелешкен ири аскердик машыгууларына дал келди.
Бул симпозиум аймактык кызыкчылыктары карама-каршы келген өлкөлөр үчүн пикир алмашуу үчүн мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул жолугушууга АКШнын Тынч океан флотунун командачысы адмирал Стивен Колер жана Австралиянын, Франциянын, Индиянын, Россиянын жана Англиянын башка делегациялары катышууда. Филиппин жыйынга мүчө болгонуна карабастан, ал катышкан жок.



















