Бир катар өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды жана өлкө башчысы Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты. Мамлекет башчыларынын куттуктоолорун президенттин маалымат кызматы жарыялады.
Өзбекстан
Биринчилерден болуп куттуктоо телеграммасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден келип, анда: “Улуу урматтуу Садыр Жапаровго жана бүткүл кыргыз элине чын ыкластан жакшы каалоо-тилектерди айтууга абдан кубанычтамын. Жогорку жана бийик деңгээлдеги диалогдун, маанилүү макулдашуулардын натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк эки боордош элдин гүлдөп-өнүгүшүнө гана эмес, жалпы элдин туруктуу өнүгүүсүнө да кызмат кылууда”, — деп айтылат.
Түркмөнстан
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз куттуктоосунда Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми жалпы Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
“Нечен кылымдардан бери келген бийик руханий баалуулуктардын — гуманизмдин, кайрымдуулуктун, ак көңүл жана адеп-ахлактык тазалыктын символу болгон бул майрам мындан ары да жалпы мусулман коомчулугунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деп терең ишенем”, – деп айтылат.
Тажикстан
Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун куттуктоосунда: “Ислам дүйнөсүнүн бардык өлкөлөрү үчүн ыйык болгон бул майрамдын бийик адеп-ахлактык баалуулуктары жана жаратман салттары мындан ары да элдерибиздин ортосундагы эзелки байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.
Элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык эки өлкөнүн ортосундагы жакшы байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерибизди мындан ары да улантабыз деп ишенем”, – деп айтылат.
Азербайжан
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Садыр Жапаровго бул маанилүү майрамда бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишиндеги ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.
“Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге негизделген мамилелердин бүгүнкү деңгээли канааттануу туйгусун жаратат. Боордош элдердин эрки менен калыптанган эки тараптуу мамилелер биргелешкен аракеттердин аркасында мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.
Түркия
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган дос жана бир тууган Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаарын белгилеген.
“Урматтуу президент, кымбаттуу бир тууганым. Ынтымактын, тилектештиктин жана бир туугандыктын баалуулугун дагы бир жолу эсибизге салган ыйык майрамыбыз ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык, бейпилдик жана молчулук алып келүүсүн тилейм”, — деп айтылат Эрдогандын куттуктоосунда.
Казакстан
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда: “Боорукердикке, бийик баалуулуктарга, гуманизмге жана кайрымдуулукка толгон ушул жаркын күндөрдө биздин тилектештигибиз жана жыргалчылыгыбыз бекемделсин. Алла Таала жакшы ниетибизди, жакшы иштерибизди кабыл алып, кийинки ыйык айыбызды ден соолукта тосуп алалы. Учурдан пайдаланып урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм. Айт маарек болсун!”,- деп айтылат.
Мындан тышкары, БАЭнин президенти Мухаммед бен Заид Аль Нахаян, Бахрейндин королу Хамад бин Иса аль Халифа, Иорданиянын королу Абдалла II ибн аль-Хусейн, Омандын Султаны Хайсам бин Тарик жана Палестинанын президенти Махмуд Аббас да куттуктоо жолдошуп, жакшы тилектерин билдиришкен.




















