Бишкекте “Рамазан чатыры” аттуу кайрымдуулук долбоору өз ишин баштады. Иш-чара 2016-жылдан бери “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулуп, быйыл тогузунчу ирет өткөрүлүүдө.
Долбоордун максаты Рамазан айынын урматына аз камсыз жана муктаж адамдарга ооз ачуу уюштуруу болуп эсептелет.
Быйылкы иш-чаранын ачылышы аземине Кыргызстанга биринчи жолу келген түркиялык белгилүү ашпозчу, меценат Бурак Оздемир катышты.
Долбоор ишке ашырылган сегиз жылдын ичинде Ош жана Бишкек шаарларында 50 миңден ашык адам конок болушкан.












Discussion about this post