Дагы 37 компания Казакстанга жылдын аягына чейин көчүшү мүмкүн.
Бүгүнкү күндө 41 ири чет элдик компания Россиядан Казакстанга көчүү процессин аяктап, азыр өкмөт дагы 27 компанияны көчүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Казакстандын вице-премьер-министри Бауыржан Кудайбергенов брифинг учурунда билдиргендей, бул ишти жыл аягына чейин аяктоо пландаштырылып жаткандыгын Власть.kz сайты маалымдады.
«Бүгүнкү күнү өкмөт тарабынан чет элдик компанияларды, ири ишканаларды көчүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биздин тизмебизде 30дан ашык мамлекеттин 400гө жакын компаниясы бар. Ушул кезге чейин баасы $1,5 млрд турган 41 компания көчүрүлдү. Дагы 37 компания боюнча иштер жүргүзүлүүдө», – деди Кудайбергенов.
Анын айтуусунда, бул компанияларды капиталдаштыруу $1 млрд.дан ашык бааланууда. Казакстанга келген компаниялар кайра иштетүүчү өнөржай ишканалары, IT, санариптештирүү жана тоо-кен тармактары болуп саналат.
«Жыл аягына чейин биз көчүү процессин аякташыбыз керек. Мен булар так 37 компания болот деп ишенимдүү айта албаймын. Мүмкүн бир аз азыраак, бир аз көбүрөөк, бирок жыл аягына чейин биз бул ишти жүргүзөбүз», – деп кошумчалады вице-министр.
2022-жылы жайында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө өлкөдө россиялык рыноктон кетүүнү билдирген эл аралык компаниялардын көчүр келүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүү тапшырмасын берген. Өткөн жазда Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров өлкөгө көчүп келип жаткан компаниялардын арасында Honeywell, TikTok, Indriver, Fortescue, Alstom бар экендигин билдирген.
2023-жылы августа Казакстанга Жерси аралынан алтын казуучу Polymetal компаниясы көчүп келген. Ошондой эле жакында Казакстанга Кипрден Fix Price жана Британиянын Виргин аралдарынан Dodo Brands көчүп келгендиги белгилүү болду.


















