6-мартка караган түнү Киевдин чет жакасындагы Тяглое көлүнүн жанында чыккан ири өрт өчүрүлдү.
Күбөлөрдүн айтымында, өрт Киевдин түштүк-чыгышындагы “Осокорки” конушунда чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жолдордун начардыгынан улам кырсык болгон жерге убагында жете албагандыктан алгач өрт болжол менен 500 чарчы метр аймакты каптап, кийин жалындын масштабы 3 гектарга чейин жеткен.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, учурда өрт көзөмөлгө алынды, ошого карабай өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерде ишин улантышууда. Жабыркагандар катталган жок.
“Украинская правда” интернет басылмасы өз кезегинде өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, анын ичинде атайылап өрттөө да бар экенин маалымдады.
Шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Сергей Попко өрт ачык аянтта чыкканын, учурда окуяны иликтөө, өрттүн жагдайлары объективдүү түрдө такталып жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Украинада бир нече жолу өрт кырсыгы катталган. “Регнум” агенттиги билдиргендей, декабрь айынын башында Киев метросунда өрт чыккан. Ал «Герои Днепра» метро станциясында башталган. Өрттөн улам бүт станция жана анын жанында жайгашкан ” Оазис “соода борбору түтүнгө толуп кеткен.
Январдын ортосунда украин полициясы жети жаштагы баланы Киевдеги соода-оюн-зоок борборлорунун бирин атайлап өрттөгөн деп айыптаган. Бул билдирүүнүн алдында шаар мэри Виталий Кличко Соломен районунда жайгашкан “Космополит” соода борборундагы өрт тууралуу маалымат берген.


















