Бишкек шаарында бильярддын “айкалыш пирамида” түрү боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы чыгарылды.
Мелдештин жабылуу аземи “Газпром-балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Эркектер арасында 1-орунду орусиялык Никита Володин, 2-орунду казакстандык Ернар Чимбаев, 3-орунду казакстандык Жанибек Казыбеков жана 4-орунду кыргызстандык Дастан Лепшаков багындырды.
Кыз-келиндер арасында алдыңкы төрт орунду орусиялык спортчулар Диана Миронова, Лилия Панова, Марианна Ларченко жана Дарья Михайловалар ээлешти.
Жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, Бишкекте өткөн бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионаттыгына 20га жакын өлкөдөн келген 100дөн ашык чеберлер катышты.
Мелдеш 27-февраль күнү башталып, финалдык беттештер 2-мартта жыйынтыкталды. Бильяр спорту боюнча Бишкекте өткөн дүйнө чемпионаты өлкө тарыхында 6-ирет болуп өттү.
























