Өзбекстандын Статистикалык комитети 2024-жылдын 10-январында өлкөгө акыркы бир жыл ичинде 60 миңден ашык чет элдиктер дарылануу үчүн барганын, алардын 70%ы Тажикстандын жарандары (43,2 миң адам) экенин билдирген маалымат тараткан.
Бирок бул маалыматка тажикстандык дарыгерлер таң калуу менен мамиле кылышууда. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода, 13-февралда, статистикалык бул анализге макул эместигин билдирди.
“Тажикистандан 40 миңдей адам дарылануу үчүн бир өлкөгө кеткен деп айтууга болбойт. Эгер бул сандар чек ара бекеттеринен алынган болсо, анда бул маалыматтарды анализдөө керек”, – деди ал.
Министр кошумчалагандай, алардын көбү чек арадан өтүүдө “диагноз” же “дарылоо” деп жазып, бирок алар андан ары башка мамлекеттерге кете бериши мүмкүн.
Анткен менен Тажикстанда ак халатчандардын таңкыстыгы байкалат. Учурда өлкөдө 2 миң дарыгер, 400 медайым жетишсиз. Квалификациялуу дарыгерлердин жетишсиздиги айрыкча Хатлон жана Согд облустарында болсо, ал эми Тоолуу Бадахшандагы ооруканаларда дарыгерлер менен медайымдар дээрлик жетиштүү.
Абдуллозода белгилегендей, учурда Тажикстандын Жогорку медициналык университеттеринде 22 миңден ашуун, медициналык колледждерде 68 миңден ашуун студент билим алууда.


















