Касым-Жомарт Токаев Иран Казакстандын Каспий аймагындагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирди.
Бул тууралуу Казакстандын президенти Ислам революциясынын жеңишинин күнүнө карата Ирандын президенти Ибрахим Раисиге жолдогон куттуктоосунда билдирди.
Акорда маалымдагандай, Токаев Казакстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Ибрахим Раисини жана бүткүл Иран элин улуттук майрамы – Ислам революциясы күнү менен куттуктады.
Казакстандын президентинин айтымында, бүгүнкү күндө Иран ишенимдүү саясий пайдубалы жана туруктуу экономикалык өнүгүүсү менен эл аралык коомчулуктун кадыр-барктуу мүчөсү болуп саналат.
“Улуттук биримдик жана ынтымак идеясын жар салган Иран Сиздин жетекчилигиңиз астында бийик максаттарга жете беришине тилектешмин”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Токаев салттуу достук байланыштар жана саясий диалог мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишеним артты.
Мамлекет башчысы Раисиге жооптуу ишине ийгиликтерди, ал эми дос Иран элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Белгилей кетсек, 11-февралда Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 45 жылдыгы даңазалуу белгиленди.















