24-январда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ооганстанда сапары менен болушту. Сапардын алкагында “Талибан” өкмөтүнүн бир катар өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги, тоо-кен, мунай жана газ тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана айыл чарба тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Ошондой эле Улуу жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын абалына байланыштуу маселелер да каралды.
Экономикалык байланышты чыңдоо
Экономика министри Данияр Амангелдиев Кабул шаарында Ооганстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланганын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер соода, инвестиция, транспорт жана энергетика сыяктуу түрдүү тармактардагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашып, өз ара пайданы камсыз кылуу үчүн экономикалык чөйрөдө байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Тоо-кен, мунай жана газ тармактарындагы кызматташуу ниети
Амангелдиев бул сапардын алкагында ошондой эле Ооганстандын тоо өнөр жай жана мунай министринин милдетин аткаруучу Шахабуддин Делавар менен жолугушту.
Ошол эле күнү Амангелдиев Ооганстандын административдик иштер боюнча премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи менен Улуу жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын абалына байланыштуу маселелерди талкуулады.
Анада тараптар Памир аймагындагы жашоону жакшыртуу, сапаттуу медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана жергиликтүү калктын ден соолугун чыңдоо боюнча кошумча кадамдарды талкуулашты.
Кыргызстандын экономика министри ооган тараптын аймактын алдында турган социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдөгү демилгелерин оң белгиледи.
Айыл чарба тармагындагы кызматташтык бекемделет
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров кыргыз экономикасынын потенциалы менен тааныштырып, ооган ишкерлерин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууга чакырды.

Бул туурасында Алияскаров Ооганстандын премьер-министринин биринчи орун басары Абдул Гани Барадар жана Соода-өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Нуруддин Азизи менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү учурунда билдирди.
Сүйлөшүүлөдүн жүрүшүндө экономикалык жана соода алакаларын кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорго байланышкан маселелер талкууланды.
Мындан тышкары, кайра иштетүү өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларга көңүл бурулууда. Министрдин орун басары кыргыз экономикасынын потенциалы менен тааныштырып, ооган ишкерлерин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууга чакырды.
Бул иш сапар эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, достук мамилелерди чыңдоого жана бизнести, сооданы өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет.




















