Өзбекстан сууну пайдалануу боюнча дүйнө жүзүндө 4-орунду ээлейт – Worldometers.
Күн сайын Өзбекстанда ар бир адамга орточо 4 754 литр суу керектелет.
Ал эми жылдык керектөө 54,5 млр кубометрди түзөт.
Бул рейтингде биринчи орунда – Түркмөнстан турат. Жалпысынан баардык борборазиялык республикалар сууну колдонуу боюнча лидерлик позицияны ээлешкен. Бул тизмеде Кыргызстан 6-орунга жайгашкан.
Белгилей кетүүчү жагдай, жакында өкмөттүк жыйында Өзбекстандын президенти Ш. Мирзиёев “Биздин жарандар суу дайым эле бекер болот деген эски түшүнүктөн арылыш керек”,- деп билдирген. Ошол эле учурда сугат сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн дыйкандарга бир топ сунуштар берилген.




















