ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан рецептсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди саткан дарыканалардын түйүндөрү аныкталды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан контролдук сатып алуу жүргүзүлүп, дарыканадан рецептсиз күчтүү дарыларды сатып алышкан.
Ошондой эле узак убакыт бою тыюу салынган күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген азык-түлүк дүкөнүнүн сатуучусу боюнча ыкчам маалымат түшүп, андан дагы күчтүү дарыларды да сатып алышкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ыкчам кызматкерлер тарабынан баңги жана психотроптук заттардын компоненттери бар 73 даана өлчөмүндө дары-дармектер алынган.
Учурда дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата өлкөбүздүн мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүүлүүдө.





















