Казакстандын баш калаасы Астанадагы Улуттук коргонуу университетинин аймагындагы туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин эстелиги алынды.
Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги жазды.
Эстелик Назарбаевдин 80 жылдыгына карата 2020-жылы орнотулган.
Республиканын Коргоо министрлиги Назарбаевдин эстелиги эмне үчүн демонтаждалганына түшүндүрмө берип, тунгуч президент-Елбасы атындагы Улуттук коргонуу университетинин аталышы буга чейин Казакстандын Улуттук коргонуу университети деп өзгөртүлгөнүн эске салды.
“Буга байланыштуу Улуттук коргонуу университетинин аймагында жайгашкан биринчи президенттин эстелигин Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Мамлекеттик аскердик-тарыхый музейинин имаратына көчүрүү жана орнотуу чечими кабыл алынды”, – деп айтылат билдирүүдө.
Коргоо министрлиги билдиргендей, эстелик учурда коргоо ведомствосунун имараттарынын биринде убактылуу сакталып турат. Даярдык иш-чараларынан кийин эстелик орнотуу үчүн музейдин имаратына көчүрүлөт.





















