Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эксперт: Хуситтер Йеменге жасалган чабуулдарга жооп катары кысыкты жаап коюшу мүмкүн

  • Батыш Азия, Дүйнө, Эксперттин пикири
  • 12.01.2024 17:46

Loading

АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге жасаган авиасоккулары бул коалициянын союздаштарынын Баб аль-Мандеб кысыгы аркылуу деңиз жүк ташууларына коркунуч туудурушу мүмкүн.

Бул тууралуу Йемендик публицист жана саясат таануучу Мухаммад аль-Каиди РИА Новостиге билдирди.

Эксперттин айтымында, америка-британиялык коалициянын соккулары Йемендин түндүгүндө бийлик жүргүзгөн «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) куралдуу түзүмдөрү үчүн сезимтал болгон объектилерди жок кыла алган жок.

Тема боюнча

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026

Эксперттин пикиринде хуситтер «америкалык агрессияга дуушар болушарын» күтүшкөн, ошондуктан алар «көптөгөн аскердик объектилерин» эвакуациялашкан.

“Айрыкча Ходейда провинциясында чабуулдун бутасына айланган объекттер бош болгон.  Ошондуктан жоготуулар алар (Батыш – ред.) күткөндөй болгон жок жана алар (хуситтердин – ред.) операцияларына эч кандай таасир этпейт”, – деди аль-Каиди.

Ал белгилегендей, АКШ менен Британиянын Йеменге жасаган соккулары коалиция күткөдөн тескери натыйжа берет, анткени алар жалпы мобилизация жарыялагандан кийин Йемен элин аскердик лагерлердин дарбазаларына чогулууга шыктандырышат.

Йемендик саясат таануучу АКШ-Британия коалициясы ээ болгон технология жана курал түрүндөгү артыкчылык “кагылышуунун жүрүшүнө олуттуу таасирин тийгизбей” турганын кошумчалады, анын айтымында  хуситтер “2015-жылдан бери согуш учурунда көп тажрыйба топтошкон”.

Анын айтымында, Сауд Аравия жетектеген араб коалициясы менен болгон тирешүү жылдарында хуситтер технологиялык жактан жогору турган душманга каршы күрөшүү үчүн өздөрүнүн механизмдерин жана ар кандай куралдардын түрлөрүн иштеп чыгышкан. Ал кошумчалагандай, хуситтер Кызыл деңиз акваториясындагы аралдарда  жана йемен жээгинде аскердик объекттери жана жабдуулары бар, алар муну  “коалиция күчтөрүнө оор соккуларды берүү үчүн колдоно алышат”. «Бул соккулар аймак үчүн катастрофалык болот», – деди ал.

Ал белгилегендей, хуситтер жөн отурушпайт, алар өздөрүнүн аскердик операцияларын күчөтүшөт жана  коалицияга таандык же ага колдоо көрсөткөн бир дагы кеме же аскердик техника Йемендин ок атуусунан коргоно албайт.

Эксперт коалицияга кысым жасоонун куралдарынын бири хуситтер тарабынан Баб-эль-Мандеб кысыгын жабуу болушу мүмкүн деп эсептейт, бул олуттуу экономикалык кесепеттерге, өзгөчө энергетикалык ресурстардын Европага агымы үчүн олуттуу экономикалык кесепеттерге алып келет.

Ошондой эле Йемен Африка рогундагы көптөгөн америкалык аскерий базаларга жакын жайгашкан, башкаларга да жетүүгө мүмкүн жана бул жооп болот», – деп эсептейт эксперт. Мындан тышкары, ал хуситтер Израилдин аймагына баллистикалык жана канаттуу ракеталык чабуулдарын күчөтүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

11-январдан 12-январга караган түнү АКШ Улуу Британия менен бирге Австралиянын, Бахрейндин, Канаданын жана Нидерландиянын колдоосу менен Кызыл деңизде коммерциялык кемелерди аткылап жаткан Йемендеги «Ансар Аллах» (хуситтер) кыймылынын бир катар объекттерине сокку урду. Чабуулга өлкөнүн борбору Сана жана порт шаарлары дуушар болду. Соккулар үчүн согуштук учактар колдонулуп, деңизден эсминецтерге орнотулган Tomahawk канаттуу ракеталары учурулган.

АКШ президенти Жо Байден чабуул Кызыл деңиздеги эл аралык кеме кыймылынын эркин катташына келтирилген коркунуч үчүн жана аскерлердин коопсуздугун сактоо максатында коюлганын айтты.

Йемендин түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө өкүмдарлык кылган хуситтер АКШ менен Улуу Британия үчүн массалык бомбалоонун “баасы жогору” болорун айтты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШЙеменкысыкУлуу Британияхуситтерэксперт
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Эмне үчүн Сауд Арабиясы хуситтерди аскердик жактан жеңүүдө кыйынчылыкка туш болууда?

Эмне үчүн Сауд Арабиясы хуситтерди аскердик жактан жеңүүдө кыйынчылыкка туш болууда?

24.11.2026
Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

24.11.2026
АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

24.11.2026
АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026
АКШнын санариптик инфраструктурасында  жаңы мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн 

АКШнын санариптик инфраструктурасында  жаңы мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн 

23.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.