Өзбекстандын баш калаасынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, мекемеге жергиликтүү жаран кайрылып, анын банктык пластикалык картасынан белгисиз бирөөлөр тарабынан 460 миллион сум уурдалгандыгын билдирген.
Берилген арыздын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш чаранын жүрүшүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө алар жабырлануучунун жеке маалыматын алышып, мобилдик тиркеме аркылуу ага таандык акчаны чыгарып алышкан.
Азыркы учурда жогоруда кармалган кылмышка шектүүлөргө карата Өзбекстан Республикасынын 169-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Ошондой эле алардын башка да кылмыштарга тиешеси бардыгы аныкталууда.




















