Мындан ары Кыргызстанда күйөөсү же башка эркектер тарабынан зомбулукка кабылган же ур-токмокко туш болгон кыз-келиндер Улуттук коомпсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылышса болот. Бул тууралуу аталган коопсуздук органынын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбук барагы аркылуу кайрылуу жасады. Анда мындай деп айтылат:
– Урматтуу мекендештер!
Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын,урматтуу кыз-келиндер!
Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!
Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!
Эне бар, үй-бүлө бар, Мекенибиз болот!
12.01. 2024 Баткенге карай аба мейкиндик жолунда, саат 08-30.
Белгилей кетүүчү жагдай, 2-январда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин ур-токмоктон каза тапты. Милициянын маалыматына ылайык, аны күйөөсү көчөдө муунтуп өлтүргөн. Маркум Айкыз Калмурза кызы былтыр жайында да күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканага түшкөнүн жакындары маалымат каражаттарына билдиришкен. Баткен облустук милициясы былтыркы зомбулук окуясы боюнча арыз Кадамжай райондук милициясында катталып, бирок кылмыш иши козголбогонун ырастаган. Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, күйөөсү кармалды.




















