Жаңы жылга карата КМШ өлкөлөрүндө салттуу түрдө майрамдын негизги символу болгон балатыларды орнотуп жатышат. Кайсы өлкөнүн балатысы эң бийик болгонун бул жактан окуңуздар.
КМШга мүчө мамлекеттердин ичинде эң узун жаңы жылдык балаты Түркмөнстандын борбору Ашхабадга орнотулса, эң кыскасы Кишинев шаарына коюлду.
Ашхабадга орнотулган балатынын узундугу 44 метр. Былтыркы рекорд да Түркмөнстандын борборуна таандык болгон – анда 41 метрлик балаты орнотулган.

Экинчи орунда Армениянын борбору Еревандагы майрамдык балаты турат. Анын узундугу 37 метр.

Ошондой эле алдыңкы үчтүккө Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттеги балаты кирди. Ал 36 метр.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтына орнотулган балатынын оту 15-декабрда жандырылган. Жаңы жыл майрамынын символикасынын бийиктиги 32, диаметри 13 метр.





















