2023-жылдын 8-декабрынан 14-декабрына чейин, топографиялык жумушчу топтордун, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты.
Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында өтөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өттү.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымга созулат. 2020-жылы анын 519 чакырымы такталганы расмий кабарланган. Ушул жумада Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздук кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусунда эки өлкөнүн чек арасынын 90%дан ашыгы такталгандыгын, жакын арада калган бөлүгү да аныкталарын билдиришкен.





















