Кечээ, 6-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Аламүдүн районундагы УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып, ККМге каршы чыгып жаткан соодагерлер боюнча кеп козгоп, базарлардын кожоюндары тиешелүү шарттарды түзүп берүүнүн ордуна, ижара акысын жогорулатып салганын айткан эле. Андан тышкары, ошол базаркомдор, керек болсо ижара акысын эки эсеге арзандатуу керектигин, болбосо базарларга сырттан башкаруу киргизип, мамлекетке алабыз деп катуу айтты.
Чындыгында өлкө аймагындагы базарлардын шарты мышык ыйлаарлык. Мисалы, “Дордой” базарын алалы. Бул жерде соодагерлерди ойлогон киши жок. Аларга тиешелүү шарттар түзүлгөнбү, шарты барбы жокпу эч кимдин иши жок, иши кылып өз убагында аренда төлөсө болду деген гана саясат.
Өзүңүздөр көрүп тургандай, 18-өтмөктүн керек болсо төбөсү жабылган эмес. Өтмөктөгү соодагерлер тент, клеенка менен эптеп өздөрү жабышып алышкан. Тамандан сыздын өткөнү аз келгенсип, төбөдөн жамгыр төксө, оорубай эмне болушат? Арендасы болсо эң азы 100 доллар.
Ал эми “Жунхай” базарында болсо сууктан кутурган итти байлап койсоң турбайт, аренда болсо 1000 доллардан башталат экен. Бирок шарт нөл. Басканга жол жок, тротуар жүз тешик, таштанды таштаганга урнанын сүрөтү да жок. Түш оой сатыктагы товар менен таштанды аралашып эле жатып калат экен. Суроо туулат, тиешелүү шарттар түзүлбөсө, арендага берилген жашылбайлар каякка кетет? Кимдин капчыгын кампайтат? Эмне деген кайдыгерлик!
Кыскасы, кыйын шартта үй-бүлөсүн багып жаткан сатуучуларга кудай күч-кубат берсин!
Тиешелүү шарттарды түзүп бере албаган олигарх базар ээлери, иштеген колдорунан келбейби мамлекетке өткөрүп берсин же шарт түзүп берсин!
♦️ Жунхай базарынын 6-өтмөгүндө бир контейнердин арендасы 800 доллар экен.🔰 Кыргыз сомуна которсок почти 80 миң сом😱
Опубликовано Tilek Ryskulov Четверг, 7 декабря 2023 г.
Тилек Рыскулов.



















