6-декабрда Россиянын президенти Владимир Путин 2019-жылдагы пандемиядан бери бир күндүк иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Аравияга барды.
Ал БАЭ президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян жана Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы, Министрлер кеңешинин төрагасы Мохаммед бин Салман Аль Сауд менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Күн мурда президенттин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков Путиндин бул сапарларын “эл аралык коомчулукка белги” деп атаган. Путин бүгүн Москвага кайтып келген соң түштөн кийин Кремлде Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушат.
Путиндин бул сапары палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосундагы жети күндүк элдешүү бузулгандан кийин Жакынкы Чыгышта – Газа тилкесинде зордук-зомбулуктун кайрадан күчөшүнүн фонунда өттү.

Путин барган мамлекеттер ОПЕКтин жылнамасына ылайык, 2022-жылы мунай өндүрүү боюнча БАЭ дүйнөдө алтынчы, ал эми Сауд Аравия экинчи орунду ээлеген. Алар Россия (өндүрүш боюнча үчүнчү орунда) менен бирге ОПЕК+ ассоциациясынын курамына кирет.
Bloomberg, Путиндин иш сапарынын алдында орус лидери “бул сапарларды негизги мунай өндүрүүчүлөр менен өнөктөштүктү бекемдөө үчүн колдонот” деп билдирген. Украина кризиси башталгандан бери БАЭ Москванын араб дүйнөсүндөгү негизги соода өнөктөшү болуп калды – соода жүгүртүү 2022-жылы 9 миллиард долларга жетти, ал эми 2023-жылдын тогуз айында 8,8 миллиард долларды түздү (+63%). Ушаков 5-декабрда журналисттерге Россия менен Сауд Аравиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 1,35 миллиард долларды (+4,8%) түзгөнүн билдирген. БАЭ жана Сауд Аравия 2024-жылы БРИКСке мүчө болууга чакырылган.
“Блиц-турне” кандай өттү?
РИА Новости маалымдагандай, орус лидери 6-декабрда эртең менен Москвадан БАЭге учуп кетти. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путинди бул сапарда Су-35С согуштук учактары коштоп барганын билдирди. Путинди тышкы иштер министри Сергей Лавров, вице-премьер-министрлер Андрей Белоусов жана Александр Новак, өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров, Борбордук банктын, Роскосмостун жана Росатомдун жетекчилери – Эльвира Набиуллина, Юрий Борисов жана Алексей Лихачев, Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров жана башка расмий адамдар коштоп барды.
Путин менен Аль Нахайян быйыл июнь айында өткөн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында көзмө-көз жолугушкан. Ал жерге БАЭ конок өлкө катары чакырылган. Эки айдан кийин БРИКСтин саммити өтүп, анда Абу-Дабинин мүчөлүк арызы жактырылган. БАЭ 2024-жылдын 1-январынан тарта бул эл аралык бирикменин толук кандуу мүчөсү болот. Москва ошондой эле Абу-Даби менен ОПЕК+ форматынын алкагында кызматташат.

БАЭнин президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян Путин менен жолугушуусунда БАЭ “Россиянын Жакынкы Чыгыштагы эң ири өнөктөшү, ошондой эле эң ири инвестор” экенин эске салды.
“Акыркы жылдары биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер ар түрдүү тармактарда жигердүү өнүгүп жатат. Мен сиздин жеке ролуңузду жогору баалайм”, – деп баса белгиледи Нахайян Путинге кайрылып.
Жылуу кабыл алганы үчүн Путин ыраазычылык билдирип, «эки тараптуу мамилелер болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин» белгиледи.
“2022-жылы товар жүгүртүү 67,7 пайызга өсүп, өсүш уланууда. Гуманитардык байланыштар тереңдеп баратат. Өткөн жылы БАЭге Россиядан дээрлик миллионго жакын турист — 900 миңден ашык турист келди. Орус мектеби ачылды, православ чиркөөсүн куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин чечип бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — деди Путин.
Мындан тышкары, президенттер Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды, БРИКСтеги БАЭнин келечегин жана башка көптөгөн маселелерди талкуулашты. Кандайдыр бир биргелешкен документтерге кол коюу башында эле пландалган эмес.
Ал ошондой эле 2024-жылы Россия БРИКСке төрагалык кылаарын, анын тутумунда Бириккен Араб Эмираттары иштей баштаганын эске салып: “Биз бул багытта байланыштарды улантабыз. Сиздерди келерки жылдын октябрында Казанда өтө турган саммитте күтөбүз”, – деп билдирди Путин.
Сауд Аравияга сапар
Орус президенти акыркы жолу Сауд Арабия Королдугуна 2019-жылы барган. Бирок мураскор ханзаада жана премьер-министри Мухаммед бин Салман Аль Сауд менен такай сүйлөшүп турган. Алсак, сентябрда аны Сауд Аравиянын БРИКСке кошулуу чечими менен куттуктаган.
Путин Эр-Риядга кечинде келип, мураскор ханзаада менен Аль-Ямама сарайында жолугушту.
![]()
Мохаммед бин Салман Аль Сауд “саясий кооперациянын аркасында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга оң таасир тийгизүүгө мүмкүн болгонун” жана бул аймактык коопсуздукту бекемдегенин белгиледи. Ал Путинге кайрылып: «Силер Саудиянын жеринде кымбаттуу коноксуңар”, – деп белгиледи.
Орус президенти мураскер ханзааданын Россияга сапары пландалганын, бирок айрым жагдайлар ага тоскоол болгонун эске салды. Ал Москвадагы кийинки жолугушууга үмүтүн билдирди. Саудиянын лидери Россиянын борборуна барууга даяр экенин билдирди.
«Биздин достук мамилелерибиздин өнүгүшүнө эч нерсе тоскоол боло албайт», – деп баса белгиледи Путин. Ал кошумчалагандай, акыркы жети жылда Россия менен Сауд Аравиянын мамилеси “сапатка ээ болуп, мурда болуп көрбөгөн деңгээлге жетти”.
Регионалдык күн тартибинен тышкары энергетика маселелерин (анын ичинде Түндүк-Түштүк коридору) талкуулоону пландаган сүйлөшүүлөр жабык эшик артында уланды.
Песков мурда эскерткендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу басма сөзгө ачык билдирүүлөр болгон жок. 7-декабрга караган түнү тар курамдагы сүйлөшүүлөр түн жарымдар чамасында аяктагандан кийин Путин Москвага учуп кетти.


















