Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Садыр Жапаров 55 жашта: президентти ким кантип куттуктады

  • Кыргызстан, ТОП жаңылыктар
  • 06.12.2023 10:28

Loading

Бүгүн, 6-декабрь президент Садыр Жапаров 55 жашка толду. Мамлекет башчысын туулган күнү менен көптөгөн мамлекеттердин өлкө башчылары куттуктап жатышат. Азыркы убакытка чейин төрт мамлекеттин башчысынан куттуктоолор келип түштү.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Россия президенти Владимир Путин

Тема боюнча

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026

Мамлекет башчысын биринчилерден болуп Россиянын президенти Владимир Путин куттуктады.

© Sputnik

«55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз Мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө Сиздин жеке салымыңыз жогору бааланат. Сиз Россиянын жетекчилигинин эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарында активдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине таянсаңыз болот”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россиянын президенти Жапаровго чын дилинен чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз куттуктоо телеграммасында Жапаровго узун өмүр, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бейпилдик, туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалады.

«Биз Сизди боордош кыргыз элинин жогорку ишенимине жана урматына ээ болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, мекенчил жана даанышман саясатчы катары жакшы билебиз жана сыйлайбыз. Кыргызстандын лидери катары Сиз көтөргөн улуттук программалар жана регионалдык мазмундагы маанилүү демилгелер натыйжалуу ишке ашырылып жатканын өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет.

Биздин чечкиндүү биргелешкен аракеттерибиз тарыхый, диний жана маданий гармонияга негизделген өлкөлөрүбүздүн ортосундагы масштабдуу байланыштарды мындан ары да тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дагы Жапаровго бир тууган Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

«Бүгүнкү күндө Сиздин абройлуу жетекчилигиңиз менен боордош Кыргызстан өлкөнүн туруктуу өсүшүн жана социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү демилгелерди жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Сиздин стратегиялык курсуңузду бекем кармануу менен Кыргызстан алдыга карай ишенимдүү кыймылын улантып, күчтүү жана гүлдөгөн мамлекетти куруу боюнча бийик максаттарды ийгиликтүү ишке ашырат деп ишенем.

Кылымдардан бери келе жаткан достуктун, ынак коңшулуктун жана өз ара колдоонун духунда дайыма өнүгүп келе жаткан казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого жеке Сиздин эбегейсиз салымыңызды жогору баалайм. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жетишкендиктерибизди арттырып, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу мамлекеттер аралык байланыштарды сапаттык жаңы деңгээлге чыгарабыз деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон

Тажик президенти Эмомали Рахмон Жапаровду туулган күнү менен куттуктоо менен биргеликте тажик-кыргыз достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери биргелешкен күч-аракеттердин аркасында мындан ары да өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда өнүгөрүнө ишеним артарын айтты.

«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм.
Жакында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунун аянтчасында өз ара түшүнүшүү жана өз ара урматтоо маанайында биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин актуалдуу маселелерин ар тараптуу талкууладык.

Бул жолугушуунун оң натыйжаларына канааттанганымды билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык диалогду улантууга кызыкдар экенибизди баса белгилейм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Белгилей кетсек, материал куттуктоолор келгенине жараша жаңыланып турат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: куттуктооСадыр Жапаровтуулган күн
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

23.09.2026
Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

19.09.2026
Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

17.09.2026
Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

11.09.2026
Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

31.08.2026
Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

31.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.