БУУнун Башкы ассамблеясы кечээ, 28-ноябрда Израилди оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүн бошотууга чакырган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Документке 91 өлкө, анын ичинде Орусия, Бразилия, Индия, Кытай жана Сауд Арабиясы добуш берди. Ага сегиз өлкө, анын ичинде АКШ жана Улуу Британия каршы чыгып, дагы 62 өлкө добуш берүүдөн карманган.
Резолюцияда БУУнун мүчөлөрү “Израилдин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын тиешелүү резолюцияларына карабай 1967-жылдан бери басып алынган Сириянын Голан дөңсөөлөрүнөн чыкпаганына терең тынчсызданып жатканы” белгиленген.
Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңешинин резолюциясынан айырмаланып Башкы Ассамблеянын документи милдеттүү болуп саналбайт.
Голан дөңсөөлөрү 1967-жылдагы согушка чейин Сириянын бир бөлүгү болгон. Алты күндүк согуштун натыйжасында Израиль Голан дөңсөөлөрүндө көзөмөл орнотуп, оккупациялап, 1981-жылы бир тараптуу аннексиялаган. Бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1981-жылдын 17-декабрындагы 497 резолюциясы аннексияны жараксыз деп тапкан.


















