Өзбекстанда 2023-жылдын 1-декабрынан тарта катуу жер титирөө боло турганын алдын ала кабарлаган улуттук система ишке киргизилет. Бул тууралуу республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Sputnik Өзбекстан агенттигине билдирди.
Бул президенттин “Өзбекстандын калкынын жана аймагынын сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу тутумун мындан ары өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгында каралган.
Система үч этап менен ишке киргизилет:
- 1-этап: 2023-жылдын 1-декабрынан тартып – Илимдер академиясынын Сейсмология институту тарабынан иштелип чыккан катуу жер титирөөлөр жөнүндө эрте эскертүү ыкмасына негизделген Улуттук системаны тесттик режимде ишке киргизүү;
- 2-этап: 2024-жылы – 40 акселерометрди орнотуу жана сейсмикалык станциялардын санын 100гө чейин көбөйтүү. Ошондой эле Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен меморандумдардын негизинде сейсмикалык станциялар ортосунда түз алмашуу түзүлүп, Борбордук Азия үчүн катуу жер титирөөлөрдү каттоо тармагы түзүлөт;
- 3-этап: 2024-2025-жылдары – жаңы акселерометрлерди сатып алуу, сейсмикалык мониторинг түйүндөрүнүн станцияларынын санын 200гө чейин көбөйтүү, ошондой эле катуу жер титирөөнү каттоо тармагын Эл аралык мониторинг тармагына интеграциялоо жана чет өлкөлүк программалык камсыздоону колдонуу менен эрте кабарлоо системасын ишке киргизүү.
Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө биринчи этаптагы иштер аяктап, система тесттик режимде ишке киргизилген.
“Республикалык сейсмикалык байкоо тармагынын 9 станциясында Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын сейсмология институту иштеп чыккан техниканын негизинде түзүлгөн катуу жер титирөөлөрдү каттай турган акселерометрлер орнотулган”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, келечекте “Катуу жер титирөөлөрдү эскерткен” мобилдик тиркемени ишке киргизүү пландалган. Ал аркылуу колдонуучуларга күчү 5 баллдан жогору болгон жер титирөөлөр аныкталгандан кийин бир нече секунданын ичинде билдирүүлөр жөнөтүлөт.
















