Кечээ, 26-ноябрда Президент Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы өз баракчасында билдиргендей, мамлекет башчысы аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасынын, анын ичинде жоокерлердин жашоо шарттары менен таанышты.
Президент Садыр Жапаров аскер бөлүктөрүнүн кыдыруусунун башкы максаты – аскердик милдетин өтөп жаткандардын тамактануу рациону менен таанышып, жоокерлердин тамак-ашы белгиленген нормада берилишине көңүл буруу болду.





















