“Америка кошмо штаттарындагы кыргыз таануучулар” жыйнагына илимпоздордон макала жана рецезниялар кабыл алына баштады. Муну Түркиянын Анкара шаарында жашаган тарыхчы, илимпоз Абдрасул Исаков уюштурууда.
Жыйнактын негизги максаты – АКШдагы кыргыз таануучуларды кыргыз илим чөйрөсүнө кеңири таанытуу болуп саналат. Талапка жооп берген рецензиялар менен макалаларга калем акы төлөнүп берилет.
Материалдар 2024-жылдын 25-июнуна чейин кабыл алынат. Ал эми жыйнак 2024-жылдын 24-декабрында жарык көрөт.
Эске салсак, А. Исаков буга чейин Түркияда кыргыз таануу багытында 3 китеп жарыялоого катышкан. Анын биринчиси: 2014-жылы бул жаатта даярдалган диссертацияларды чагылдырып, “Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары” деп аталган. Экинчиси: 2019-жылы “Түркияда кыргыз таануу” аттуу жыйнагы кыргыз жана түрк илимпоздорунун көмөгү менен чыккан. Ал эми үчүнчү китеп жакында жарык көрдү. Ал түркиялык кыргыз таануучу Үчлер Булдуктун макалаларынан турат.















