“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы автобустардагы накталай эмес төлөмдү көзөмөлдөө үчүн контролерлорду жумушка чакырат.
Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Жумуш убактысы эртең мененки 07:00 дон кечки 08:00 чейин болот.
“Контролердун милдеттери автобустардагы накталай эмес төлөмдү көзөмөлдө жана «Тулпар» карталарын сатуу. Эмгек акысы күнүнө 1200 сом жана ар бир саткан «Тулпар» карталары үчүн 10 сом каралган”, – деп айтылат маалыматта.
Ббардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот: 0550553444, WhatsApp: 0555 525 452.




















