Мамлекетти сүлүк курттай соргон Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу тамырын кеңири жайып, өлкөнүн бардык катмарына ширелип калган экен, шакирттери канча күндөн бери кармалып бүтпөй жатат. Күнү бүгүн “шпана” деп аталган мүчөсү УКМК тарабынан кармалды.
Чоо-жайын атсак, Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан 200 миң сом опузалап алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 9-ноябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда соттолгон, 1994-жылы туулган КР А.у.Д. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди…
Көрсө, 7-ноябрда учурда Жазаларды аткаруу кызматынын 8-түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, “шпана” деп аталган А.у.Д. 1999-жылы туулган Э.М.дин буйрутмасы боюнча А.Э.А. аттуу жаранга чалып жолугушууну талап кылган.
Жолугушуудан кийин А.у.Д. уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргеликте күч колдонуу менен А.Э.А.ны белгисиз тарапка унаага салып кетишип, ал жерден жогоруда аталган адамдар анын денесине көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ар кандай коркутуулар жана физикалык күч колдонуу, ошондой эле тамагына бычак такап А.Э.А.дан 8-түзөтүү мекемесиндеги уюшкан топтун кассасын (общаковской кассы) толтуруу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражат опузалашкан. Андан соң жогорудагы адамдар аны Эркиндик бульварынын тегерегине жеткизип, жогорудагы талапты аткаруу үчүн мөөнөтүн белгилешкен.
Көлбаев өзүнүн бандасы менен ушундай иштерди жасап, арам акчалар менен тырмагынын учуна чейин байыган. Кээ бир маданият кызматкеримин деген маңкурттар анан кантип ушундай зөөкүрлөрдү колдоп отурат, киши түшүнбөйсүң. Же акча үчүн алар ушундай зөөкүрлөрдү да колдогонго даярбы?



















