Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Бишкек шаарында өлкө тарыхындагы биринчи көп функциялуу “Manas Tower 45” комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды.
Мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат, аны ишке ашырууга Президенттин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмосу болот.
Мамлекет башчысы мейманкана-комплекс заманбап дизайны менен айырмаланып шаарыбызга көрк берип, борборго келген меймандарга ыңгайлуу шарттары менен жайлуу бир имарат болот деген ишенимин билдирди. Мейманкана өнүгүү жолундагы өзүнчө бир уникалдуу жана таанымал имараттарынын бири болот.
Ошондой эле Садыр Жапаров мейманкананын тегерегинде дагы чоң-чоң имараттар курулуп, шаар элине жана конокторубузга дүйнөлүк деңгээлде кызмат көрсөткөн комплекстер, борборлор өсүп чыгарына толук ишенет.
Жапаров долбоорго ылайык имараттын эң үстүндө тик учак аянтчасы жана панорама аянтчасы калаа тургундары менен меймандарына 200 метрден ашуун бийиктиктен Бишкек шаарыбызга алаканга салгандай көз чаптырып, анын кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк тартуулай турганын билдирди.
Комплексте ошондой эле соода түйүндөрү жайгашып, калкты иш орундары менен камсыз кылат.



















