Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Шайлообек Атазов мандатынан ажырайбы же?

  • Аналитика
  • 09.11.2023 15:01

Loading

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине сурак берүү үчүн чакырылгандыгы тууралуу маалымат видеосу менен бир нече маалымат каражаттарына жарыяланды.

Ш. Атазов өзү коопсуздук кызматынын имаратына кирип бара жатып журналисттердин эмнеге чакырылгандыгы тууралуу суроолоруна:
«Буга чейин менин шайлоо штабымда иштегендерди, жардамчы балдарды суракка алышкан. Эки жыл мурда өткөн шайлоого байланыштуу ишке күбө катары чакырышты”, — деп жооп берди.
Белгилей кетүүчү жагдай, мындан 3-4 күн мурда УКМК Атазовдун шайлоо штабынын башчысы Кеңешбек Жумабаевди добуш сатып алуу шеги менен кармап, ал 24-ноябрга чейин камалган болчу.

Ал эми 2-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин Кемин районундагы жаңы салынган кеңсесинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен бирге бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун «мафиясы» жок кылынарын айтып, “Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей гана “Матиз” машинаны минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же ички биздин саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек”, – деген.

Тема боюнча

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026

Коопсуздук органынын жетекчиси андан ары учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын кошумчалаган:
“Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон 92 мамлекеттик кызматкерди аныктадык. Көлбаевге байланыштуу болгон 60 кызматкерди аныктадык. Андан тышкары бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип, 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат”.

Шайлообек Атазов болсо Райымбек Матраимовду ачык колдоп келген депутаттардан. Ал Р. Матраимов мындан эки жыл мурда УКМК тарабынан камакка алынганда Бишкекте аны колдогон митинг өткөргөн. Баса, бул акцияга мурдагы ЖК депутаты жана транспорт жана жолдор министрлигинин экс-орун басары Таабалды Тиллаев да катышып, микрофондон сүйлөп турушкан. Сыягы, алардын бул кадамдары өздөрүнүн “патронуна” берилгендигин далилдөө же ушундай жол менен андан акча өндүрүү максатында уюштурулушу мүмкүн.

Бирок Ш. Атазов жогоруда белгиленген өзүнүн шайлоо штабында иштегендер кармалган соң эртеси күнү эле Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, алардын кабыл алуусун суранган.

Ошол эле учурда Ш. Атазовдун маркум кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаевдин Оштогу “көзөмөлчүсү”, бирок К. Көлбаев жок кылынгандан кийин мындан ары кылмыш дүйнөсүнөн баш тартып, Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап жашай тургандыгын айтып, видеокайрылуу жасаган Кадыр Досонов (“Женго”) менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү интернет желесине тарап кеткен.

Үн жазмадан түшүнгөнүбүзгө караганда, Кадыр Досонов Шайлообек Атазовго уюшкан кылмыштуу топтор боюнча маселе көтөрбөөнү эскерткен. Ошондой эле кайсы бир топтордун чатагы, ага Кадыр Досоновдун жеке айдоочусу да аралашып калганы тууралуу кеп болгон.

Сүйлөшүүдө Айбек деген да ысым аталган. Айрым социалдык тармактын колдонуучулары ал Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Аудиодо өзүн Кадыр деп тааныштырган адам маектешине Шайлоо деп кайрылган. Ал болсо аны «ака» деп атаганын угууга болот. Диалог учурунда маектеши Шайлоодон уюшкан кылмыштуу топ тууралуу маселени көтөрбөөнү жана милициянын иштебей жаткандыгын айтпоону өтүнгөн.

«Меникин дагы уксаң керек. Жаш балдардын ызычуусу менен эле. Менин жанымда жүргөн шопур бала аралашып калган… Мен айылда тажияда жүргөм. Ошол жактан чакырышты… Шайлоо, ОПГ темасын көтөрбөй эле койгула. Бул мага эле таасир берип жатат», — деген болжолдуу түрдө Женго.
Ошондой эле ал өтүнүчүн Айбекке (Шайлообек Атазовдун кесиптеши Айбек Осмонов болушу мүмкүн) дагы айтып коюусун суранган. Шайлоо уюшкан кылмыштуу топтун темасын көтөрбөөгө макул болгон.

Деги Шайлообек Атазов ким жана буга чейин эмне менен алектенип, коомчулукка өзүнүн кандай эмгектери менен таанылган? Бул суроолорго жооп издегенде, өмүр баянына кыскача токтотуп өтсөк болот:
1979-жылы 28-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Учар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2001-жылы Ош технологиялык университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:
2007 ― Ош шаардык спорт комитетине караштуу №2 балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;
2010 ― бокс жана оор атлетика боюнча мектептин директору;
2011 ― унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары дирекциясынын директору;
2012 ― Ош шаардык мэриясына караштуу “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы;
2013-2014 ― Жүргүнчү транспорту агенттигинин директору;
2010-2015 ― Ош шаардык кеңешинин депутаты;
2018-жылдан бери Бишкек шаарындагы EREM спорт клубунун башкы машыктыруучусу;
Кикбокс боюнча өлкөнүн алты жолку чемпиону, дүйнө чемпиону. Эл аралык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү.

Демек, ал эч кандай саясатка аралашпай, жалаң гана спорт менен машыгып жана алектенип келген.
Бирок бир кезде өлкөбүздүн түштүк аймагынын айрым белгилүү саясатчыларынын артынан ээрчип, жансакчысы болуп, бийлик менен саясаттын даамын татуу менен кызыгына батып кеткен десек болот. Ал тургай экс-президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турганда борбордук аянтка эл чогулуп, ошол учурдагы бийликке каршы митинг уюштурган учурда эл алдына чыккан облус башчысын жакасынан кармап, жулкулдаткан видеосу интернет айдыңына тараган.

Ш. Атазов Жогорку Кеңешке болгон акыркы шайлоодо өзүнүн кичи мекени Кара-Суу районунан өтпөй калып, Нурбек Алимбековго жеңилгенден кийин Бишкек шаарынын Свердлов районунда бошоп калган округдан талапкерлигин койгон. Бактысына жараша борбор калаанын негизинен жаңы конуштарына басым жасап, беш миңге жакын добуш топтоп, өтөт-өтпөйт деп жатканда өзүнөн алдыда келе жаткан атаандашы добуш сатып алгандыгы тууралуу чыр чыгып, ал шайлоодон четтетилген соң, мандат “автоматтык түрдө” Шайлообекке тийген.

Бирок депутат катары Ш. Атазов кайсы бир мыйзамды жазгандыгы эмес, Парламент жыйынында өзүнүн катарындагы айрым эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрүн кекетип-мокотуп, “криминалдык разборкадай” жарга такап өктөм сүйлөгөндүгү менен таанылды. Ал тургай өткөн чакырылышта депутат Эмил Токтошевди жулкулдатып киргенде аял депутаттар араң ажыратып калышкан. Айтор, алЖогорку Кеңеште өзүн өлкөнүн эң жогорку бийлик органынын өкүлү эмес, көчөдөгү бейбаштардай алып жүрдү.

Эми УКМК Ш. Атазовго кандай айып коёр экен? Балким, Р. Матраимов жана К. Көлбаев менен байланышы бар депутат катары мандатынан ажырап, андан ары жоопкерчиликке тартылышы да мүмкүн…

Э. Момунов.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

БУУнун Эл аралык соту Мьянманы рохинжа мусулмандарына карата геноцид жасаган деп тааныды

БУУнун Эл аралык соту Мьянманы рохинжа мусулмандарына карата геноцид жасаган деп тааныды

20.11.2026
В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

В. Боков: Кыргызстан «Россия – мүмкүнчүлүктөр өлкөсү» долбоорлорунун катышуучуларынын саны боюнча чет өлкөлөр арасында экинчи орунда турат

20.11.2026
Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Индияда көпүрө урап түштү

Индияда көпүрө урап түштү

19.11.2026
Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026
ЖМК: Трамп Вэнстин Иран боюнча позициясынан улам ага нааразы болуп жатканы айтылууда

ЖМК: Трамп Вэнстин Иран боюнча позициясынан улам ага нааразы болуп жатканы айтылууда

19.11.2026
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

19.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.