Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн, 9-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу ал журналисттерге атайын кызматка суракка кирип баратып билдирди.
Атазов Бишкектин Свердлов округунда өткөн шайлоо боюнча тарапташтары суракка алынып жатканын, бүгүн өзү да күбө катары чакырылганын айтты.
Бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатына байланыштуу маселе жаралганын, шайлоодо ага иштеген бир канча тарапташы сурак бергенин 2-ноябрда жазып чыккан.
Ал Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жакын адамы катары белгилүү. Ал 2022-жылы Бишкектин Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.
Атазовдун мандатына байланыштуу маселе Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөдө Көлбаев-Матраимовго жакын адамдар мамлекеттик кызматтан тазаланары тууралуу билдирүүсүнө туш келди.
Атайын кызматтын төрагасы 2-ноябрда Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын айткан. Ал бул топко жакын 202 адамдан мамлекеттик органдар тазаланып жатканын билдирген.
Депутат соңку жагдайдан улам президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, болуп жаткан окуялар тууралуу аларга “туура эмес маалымат” жеткирилип жатат деп билдирип, кабыл алуусун суранган.
Президенттин администрациясы, УКМК буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн жумада ЖК депутаты Ш. Атазовдун шайлоо компаниясында иштеген балдар УКМК тарабынан кармалып, суракка алынгандыгы тууралуу маалымат тараган.



















